- وَ اِذَا کُنۡتَ فِیۡہِمۡ فَاَقَمۡتَ لَہُمُ الصَّلٰوۃَ فَلۡتَقُمۡ طَآئِفَۃٌ مِّنۡہُمۡ مَّعَکَ وَ لۡیَاۡخُذُوۡۤا اَسۡلِحَتَہُمۡ ۟ فَاِذَا سَجَدُوۡا فَلۡیَکُوۡنُوۡا مِنۡ وَّرَآئِکُمۡ ۪ وَ لۡتَاۡتِ طَآئِفَۃٌ اُخۡرٰی لَمۡ یُصَلُّوۡا فَلۡیُصَلُّوۡا مَعَکَ وَ لۡیَاۡخُذُوۡا حِذۡرَہُمۡ وَ اَسۡلِحَتَہُمۡ ۚ وَدَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَوۡ تَغۡفُلُوۡنَ عَنۡ اَسۡلِحَتِکُمۡ وَ اَمۡتِعَتِکُمۡ فَیَمِیۡلُوۡنَ عَلَیۡکُمۡ مَّیۡلَۃً وَّاحِدَۃً ؕ وَ لَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ اِنۡ کَانَ بِکُمۡ اَذًی مِّنۡ مَّطَرٍ اَوۡ کُنۡتُمۡ مَّرۡضٰۤی اَنۡ تَضَعُوۡۤا اَسۡلِحَتَکُمۡ ۚ وَ خُذُوۡا حِذۡرَکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ اَعَدَّ لِلۡکٰفِرِیۡنَ عَذَابًا مُّہِیۡنًا ﴿۱۰۳﴾4 : 103 Ошондой эле качан сен өзүң алардын арасында болсоң жана алардын намазына имамчылык кылсаң, анда алардын бир тайпасы (намаз үчүн) сени менен туруусу керек жана алар (мужахиддер) өз куралдарын жанына коюулары керек. Ошентип, алар сажда кылып бүткөндөн кийин, өздөрүн аркаңарга алсын жана намаз окубаган башка тайпа келип, сени менен бирге намаз окусун, алар этият болсун жана куралдарын жанына коюшсун. Каапырлык кылгандар силерге кокусунан чабуул жасоо үчүн силердин куралдарыңар жана аспап-буюмдарыңардан бейгам болууңарды каалашат. Эгер силерге жамгыр себебинен кандайдыр бир кыйынчылык болсо, же силер кесел болсоңор, анда куралдарыңарды коюп койгонуңар үчүн силерге күнөө эмес. Бирок (баары бир) этият болгула! Албетте, Алла каапырлар үчүн кор кылуучу азапты даярдап койгон.