- وَ اِذَا مَسَّ الۡاِنۡسَانَ ضُرٌّ دَعَا رَبَّہٗ مُنِیۡبًا اِلَیۡہِ ثُمَّ اِذَا خَوَّلَہٗ نِعۡمَۃً مِّنۡہُ نَسِیَ مَا کَانَ یَدۡعُوۡۤا اِلَیۡہِ مِنۡ قَبۡلُ وَ جَعَلَ لِلّٰہِ اَنۡدَادًا لِّیُضِلَّ عَنۡ سَبِیۡلِہٖ ؕ قُلۡ تَمَتَّعۡ بِکُفۡرِکَ قَلِیۡلًا ٭ۖ اِنَّکَ مِنۡ اَصۡحٰبِ النَّارِ ﴿۹﴾39 : 9 Адам баласына кандайдыр бир зыян тийгенде, ал өз Раббисине Ага ийилген бойдон жалбарат. Анан Ал ага Өз алдынан кандайдыр бир нээмат тартуулаганда, ал илгери дуба кылган нерсени унутуп коёт жана Анын жолунан азгырып коюшу үчүн (башкаларды) Аллага шерик кошо баштайт. Айткын: «Каапырлыгыӊдан бир аз, убактылуу пайдаланып ал, албетте, сен от ээлериненсиӊ».