وَ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتُنَا بَیِّنٰتٍ قَالُوۡا مَا ہٰذَاۤ اِلَّا رَجُلٌ یُّرِیۡدُ اَنۡ یَّصُدَّکُمۡ عَمَّا کَانَ یَعۡبُدُ اٰبَآؤُکُمۡ ۚ وَ قَالُوۡا مَا ہٰذَاۤ اِلَّاۤ اِفۡکٌ مُّفۡتَرًی ؕ وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لِلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَہُمۡ ۙ اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا سِحۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۴۴﴾
34 : 44
Биздин ачык-айкын аяттарыбыз аларга окулганда, алар: «Бул силердин ата-бабаларыӊар ибадат кылып жүргөн нерселерден силерди кайтармакчы болгон бир жөнөкөй киши гана», - деп айтышчу жана алар: «Бул ойлоп чыгарылган бир чоӊ жалгандан бөлөк эч нерсе эмес», - деп айтышаар эле. Чындыкты өздөрүнө келгенде, четке каккандар: «Бул бир ачыктан-ачык сыйкырдан бөлөк эч нерсе эмес», - дешти.