- وَ اِذۡ اَخَذۡنَا مِیۡثَاقَکُمۡ وَ رَفَعۡنَا فَوۡقَکُمُ الطُّوۡرَ ؕ خُذُوۡا مَاۤ اٰتَیۡنٰکُمۡ بِقُوَّۃٍ وَّ اسۡمَعُوۡا ؕ قَالُوۡا سَمِعۡنَا وَ عَصَیۡنَا ٭ وَ اُشۡرِبُوۡا فِیۡ قُلُوۡبِہِمُ الۡعِجۡلَ بِکُفۡرِہِمۡ ؕ قُلۡ بِئۡسَمَا یَاۡمُرُکُمۡ بِہٖۤ اِیۡمَانُکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۹۴﴾2 : 94 «Биз силерге берген нерсени бекем тутуп алгыла жана кулак салгыла», - деп Биз (силерден) бекем убада-шертиңерди алганыбыз(ды) жана Тур (тоосу)н үстүңөргө көтөргөнүбүз(дү эстегиле). Алар (жооп берип): «Биз уктук жана баш тарттык», - дешти. Алардын каапырлыгы себептүү музоого болгон сүйүүсү алардын көңүлдөрүнө сиңдирилип коюлду. (Аларга) айт: «Эгер силер момун болсоңор, анда ыйманыңар силерге буюрган нерсе өтө жаман».