- وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمۡ اٰمِنُوۡا بِمَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ قَالُوۡا نُؤۡمِنُ بِمَاۤ اُنۡزِلَ عَلَیۡنَا وَ یَکۡفُرُوۡنَ بِمَا وَرَآءَہٗ ٭ وَ ہُوَ الۡحَقُّ مُصَدِّقًا لِّمَا مَعَہُمۡ ؕ قُلۡ فَلِمَ تَقۡتُلُوۡنَ اَنۡۢبِیَآءَ اللّٰہِ مِنۡ قَبۡلُ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۹۲﴾2 : 92 Аларга: «Алла түшүргөн нерсеге ыйман келтиргиле», - деп айтылганда, алар: «Биз өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирдик», - дешет. Ал эми, андан бөлөк (түшүрүлгөн) нерсени четке кагышат. Чындыгында, ал өздөрүндөгү бар нерсени тастыктап турган акыйкат. Айт: «Эгер силер акыйкатта дагы момун болсоңор, эмнеге мындан илгери Алланын пайгамбарларын өлтүрүп жүргөнсүңөр?»