- وَ اِذۡ قُلۡتُمۡ یٰمُوۡسٰی لَنۡ نَّصۡبِرَ عَلٰی طَعَامٍ وَّاحِدٍ فَادۡعُ لَنَا رَبَّکَ یُخۡرِجۡ لَنَا مِمَّا تُنۡۢبِتُ الۡاَرۡضُ مِنۡۢ بَقۡلِہَا وَ قِثَّآئِہَا وَ فُوۡمِہَا وَ عَدَسِہَا وَ بَصَلِہَا ؕ قَالَ اَتَسۡتَبۡدِلُوۡنَ الَّذِیۡ ہُوَ اَدۡنٰی بِالَّذِیۡ ہُوَ خَیۡرٌ ؕ اِہۡبِطُوۡا مِصۡرًا فَاِنَّ لَکُمۡ مَّا سَاَلۡتُمۡ ؕ وَ ضُرِبَتۡ عَلَیۡہِمُ الذِّلَّۃُ وَ الۡمَسۡکَنَۃُ ٭ وَ بَآءُوۡ بِغَضَبٍ مِّنَ اللّٰہِ ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ کَانُوۡا یَکۡفُرُوۡنَ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ وَ یَقۡتُلُوۡنَ النَّبِیّٖنَ بِغَیۡرِ الۡحَقِّ ؕ ذٰلِکَ بِمَا عَصَوۡا وَّ کَانُوۡا یَعۡتَدُوۡنَ ﴿٪۶۲﴾2 : 62 (Эстегиле), качан силер айткан: «Эй, Муса! Биз бир гана тамакка эч качан сабыр кыла албайбыз. Ошондуктан, Раббиңден биз үчүн дуба кылгын, Ал биз үчүн жер өстүрө турган нерселерди: анын жер-жемиштерин, бадыраңын, буудайын, буурчагын жана пиязын чыгарсын». Ал айтты: «Жакшы нерсени арзыбас нерсеге алмаштырып алмакчысыңарбы? Силер кандайдыр бир шаарга киргиле, албетте, силер талап кылган нерселериңер силерге табылат. (Ошондо), алар кордук менен жакырчылыкка кабылышты жана алар Алланын каары менен кайтышты. Анткени, алар Алланын аят-белгилерин четке кагып, пайгамбарларды адилетсиз өлтүрөөр эле. (Ырас), баш ийбегендиктери жана чектен чыккандыктары үчүн ушундай болду.