- لَا یُکَلِّفُ اللّٰہُ نَفۡسًا اِلَّا وُسۡعَہَا ؕ لَہَا مَا کَسَبَتۡ وَ عَلَیۡہَا مَا اکۡتَسَبَتۡ ؕ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذۡنَاۤ اِنۡ نَّسِیۡنَاۤ اَوۡ اَخۡطَاۡنَا ۚ رَبَّنَا وَ لَا تَحۡمِلۡ عَلَیۡنَاۤ اِصۡرًا کَمَا حَمَلۡتَہٗ عَلَی الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِنَا ۚ رَبَّنَا وَ لَا تُحَمِّلۡنَا مَا لَا طَاقَۃَ لَنَا بِہٖ ۚ وَ اعۡفُ عَنَّا ٝ وَ اغۡفِرۡ لَنَا ٝ وَ ارۡحَمۡنَا ٝ اَنۡتَ مَوۡلٰٮنَا فَانۡصُرۡنَا عَلَی الۡقَوۡمِ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۲۸۷﴾٪2 : 287 Алла эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн артык жүктү жүктөбөйт. Ал кылган амалы өзү үчүн жана ал «тапкан» (жамандыктын) кесепети дагы өзүнө тиет. (Алар мындай айтышты:) «Эй, Раббибиз! Эгер биз унутуп калсак же бизден бир ката кетсе, бизди жоопкерчиликке тартпагын! Эй, Раббибиз! Бизден мурун өткөндөргө (алардын күнөөлөрүнүн натыйжасында) Сен арткан жүктөй жүктү бизге артпагын. Эй, Раббибиз! Мүмкүндүгүбүздөн артык нерсени бизге жүктөбөгүн, бизди кечиргин жана бизди аягын. Бизге ырайым кылгын. Өзүң биздин Кожоюнубузсуң. Ошондуктан, бизге каапыр коомуна каршы жардам бергин!»