وَ دَخَلَ مَعَہُ السِّجۡنَ فَتَیٰنِ ؕ قَالَ اَحَدُہُمَاۤ اِنِّیۡۤ اَرٰٮنِیۡۤ اَعۡصِرُ خَمۡرًا ۚ وَ قَالَ الۡاٰخَرُ اِنِّیۡۤ اَرٰٮنِیۡۤ اَحۡمِلُ فَوۡقَ رَاۡسِیۡ خُبۡزًا تَاۡکُلُ الطَّیۡرُ مِنۡہُ ؕ نَبِّئۡنَا بِتَاۡوِیۡلِہٖ ۚ اِنَّا نَرٰٮکَ مِنَ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۳۷﴾
12 : 37
Аны менен бирге зынданга эки жигит дагы түштү. Алардын бири айтты: «Мен (түшүмдө) өзүмдү шарап даярдоо үчүн шербет чыгарып жатканымды көрдүм». Экинчиси мындай деди: «Мен (түшүмдө) өзүмдү башыма нан көтөрүп турганымды жана куштар андан жеп жатканын көрдүм. Бизге муну жооруп бер. Албетте, биз сенин изги иштер кылуучулардан экениңди көрүүдөбүз».