- اِنَّ رَبَّکُمُ اللّٰہُ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ فِیۡ سِتَّۃِ اَیَّامٍ ثُمَّ اسۡتَوٰی عَلَی الۡعَرۡشِ یُدَبِّرُ الۡاَمۡرَ ؕ مَا مِنۡ شَفِیۡعٍ اِلَّا مِنۡۢ بَعۡدِ اِذۡنِہٖ ؕ ذٰلِکُمُ اللّٰہُ رَبُّکُمۡ فَاعۡبُدُوۡہُ ؕ اَفَلَا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۴﴾10 : 4 Албетте, асмандар жана жерди алты күндө пайда кылган Алла силердин Раббиӊер. Анан Ал Аршка жайгашты. Ал ар бир ишти план-эреже менен кылат. Анын уруксатысыз эч ким (эч бир жанга) шапаатчы боло албайт. Раббиӊер – мына ошол Алла. Ошондуктан, Ага гана ибадат кылгыла. Силер насаат албайсыӊарбы?