- قُلۡ ہَلۡ مِنۡ شُرَکَآئِکُمۡ مَّنۡ یَّہۡدِیۡۤ اِلَی الۡحَقِّ ؕ قُلِ اللّٰہُ یَہۡدِیۡ لِلۡحَقِّ ؕ اَفَمَنۡ یَّہۡدِیۡۤ اِلَی الۡحَقِّ اَحَقُّ اَنۡ یُّتَّبَعَ اَمَّنۡ لَّا یَہِدِّیۡۤ اِلَّاۤ اَنۡ یُّہۡدٰی ۚ فَمَا لَکُمۡ ۟ کَیۡفَ تَحۡکُمُوۡنَ ﴿۳۶﴾10 : 36 Сурагын: «Силер шерик деп билгениӊердин арасында акыйкатка багыттай турган кимдир бирөө дагы барбы?» Айткын: «Бир гана Алла акыйкатка багыттайт. Акыйкатка багыттай турган (Алла) эрчүү үчүн ылайыктуураакпы же хидаят кылмайынча, туура жолду таба албай турган бирөөбү? Силерге эмне болду? Кандай өкүм чыгарып жатасыӊар?»