60 : 11 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا جَآءَکُمُ الۡمُؤۡمِنٰتُ مُہٰجِرٰتٍ فَامۡتَحِنُوۡہُنَّ ؕ اَللّٰہُ اَعۡلَمُ بِاِیۡمَانِہِنَّ ۚ فَاِنۡ عَلِمۡتُمُوۡہُنَّ مُؤۡمِنٰتٍ فَلَا تَرۡجِعُوۡہُنَّ اِلَی الۡکُفَّارِ ؕ لَا ہُنَّ حِلٌّ لَّہُمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحِلُّوۡنَ لَہُنَّ ؕ وَ اٰتُوۡہُمۡ مَّاۤ اَنۡفَقُوۡا ؕ وَ لَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ اَنۡ تَنۡکِحُوۡہُنَّ اِذَاۤ اٰتَیۡتُمُوۡہُنَّ اُجُوۡرَہُنَّ ؕ وَ لَا تُمۡسِکُوۡا بِعِصَمِ الۡکَوَافِرِ وَ سۡـَٔلُوۡا مَاۤ اَنۡفَقۡتُمۡ وَ لۡیَسۡـَٔلُوۡا مَاۤ اَنۡفَقُوۡا ؕ ذٰلِکُمۡ حُکۡمُ اللّٰہِ ؕ یَحۡکُمُ بَیۡنَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۱۱﴾
    60 : 11 Эй, ыйман келтиргендер! Качан момун аялдар силердин алдыӊарга хижрат кылып келишсе, аларды сынап көргүлө. Алла алардын ыйманын эӊ жакшы билет. Анан алардын момун экендиктерин жакшылап билип алсаӊар, анда аларды каапырларга кайтарып жибербегиле. Булар алар үчүн адал эмес, алар булар үчүн адал эмес. Алар(дын өкүлдөрү)нө алар сарптаган (каражат)тарын төлөгүлө. Аларга калыӊдарын бергениӊерден кийин аларга үйлөнүшүӊөр силер үчүн күнөө эмес. Каапыр аялдардын нике маселесин өз ыктыярыӊарга албагыла. Силер аларга сарптаган (каражат)ты алардан талап кылгыла, алар болсо, сарптаган (каражат)ты силерден талап кылышсын. Бул Алланын өкүмү. Ал араӊарда өкүм кылат. Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
Share via