- لَا یُقَاتِلُوۡنَکُمۡ جَمِیۡعًا اِلَّا فِیۡ قُرًی مُّحَصَّنَۃٍ اَوۡ مِنۡ وَّرَآءِ جُدُرٍ ؕ بَاۡسُہُمۡ بَیۡنَہُمۡ شَدِیۡدٌ ؕ تَحۡسَبُہُمۡ جَمِیۡعًا وَّ قُلُوۡبُہُمۡ شَتّٰی ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ قَوۡمٌ لَّا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿ۚ۱۵﴾59 : 15 Алар баары биргелешип, силер менен жалаӊ коргон менен оролгон кыштактарда же дубалдардын артында гана урушушат. Алардын өз ара урушу абдан катуу. Сен аларды ынтымактуу деп ойлойсуӊ, чынында, алардын жүрөктөрү бөлөк-бөлөк. Анткени алар акылды иштетпей турган бир коом.