- وَ اذۡکُرۡ اَخَا عَادٍ ؕ اِذۡ اَنۡذَرَ قَوۡمَہٗ بِالۡاَحۡقَافِ وَ قَدۡ خَلَتِ النُّذُرُ مِنۡۢ بَیۡنِ یَدَیۡہِ وَ مِنۡ خَلۡفِہٖۤ اَلَّا تَعۡبُدُوۡۤا اِلَّا اللّٰہَ ؕ اِنِّیۡۤ اَخَافُ عَلَیۡکُمۡ عَذَابَ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۲۲﴾46 : 22 Жана Аад (коому)нун тууганын эсте, качан ал өз коомун кумдуу дөбөлөрдүн жанында: «Жалгыз Аллага ибадат кылгыла! Албетте, мен силер үчүн бир улуу күндүн азабынан коркомун», - деп кулактандырды. Ал эми анын алдында дагы, андан мурун дагы абдан көп кулактандыруучулар өткөн эле.