- فَلِذٰلِکَ فَادۡعُ ۚ وَ اسۡتَقِمۡ کَمَاۤ اُمِرۡتَ ۚ وَ لَا تَتَّبِعۡ اَہۡوَآءَہُمۡ ۚ وَ قُلۡ اٰمَنۡتُ بِمَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ مِنۡ کِتٰبٍ ۚ وَ اُمِرۡتُ لِاَعۡدِلَ بَیۡنَکُمۡ ؕ اَللّٰہُ رَبُّنَا وَ رَبُّکُمۡ ؕ لَنَاۤ اَعۡمَالُنَا وَ لَکُمۡ اَعۡمَالُکُمۡ ؕ لَا حُجَّۃَ بَیۡنَنَا وَ بَیۡنَکُمۡ ؕ اَللّٰہُ یَجۡمَعُ بَیۡنَنَا ۚ وَ اِلَیۡہِ الۡمَصِیۡرُ ﴿ؕ۱۶﴾42 : 16 Ошентип, мына ушунун негизинде сен аларды даават кылышыӊ керек жана сага буюрулганы сыяктуу өз көз карашыӊда бекем болушуӊ керек. Алардын жеӊил ойлуу напсилерин ээрчибе жана айт: «Мен Китептин сөздөрүнөн Алла түшүргөн нерсеге ыйман келтиргенмин жана ортоӊордо адилет менен өкүм кылуу мага буюрулган. Алла гана биздин да Раббибиз, силердин да Раббиӊер. Биз үчүн биздин амалдарыбыз, а силер үчүн силердин амалдарыӊар. Силер менен биздин ортобузда эч кандай талашуу жок. Алла бизди топтойт жана Ага гана кайтуу бар».