- وَ لَا تَنۡفَعُ الشَّفَاعَۃُ عِنۡدَہٗۤ اِلَّا لِمَنۡ اَذِنَ لَہٗ ؕ حَتّٰۤی اِذَا فُزِّعَ عَنۡ قُلُوۡبِہِمۡ قَالُوۡا مَاذَا ۙ قَالَ رَبُّکُمۡ ؕ قَالُوا الۡحَقَّ ۚ وَ ہُوَ الۡعَلِیُّ الۡکَبِیۡرُ ﴿۲۴﴾34 : 24 Анын алдында Анын Өзү шапаатка уруксат берген (киши жөнүндөгү шапааттан) бөлөк эч ким жөнүндө эч бир шапаат пайда бербейт. А түгүл алардын жүрөктөрүнөн коркуу кетирилгенде, алар (өздөрүнө шапаат кылуучулардан) сурашат: «(Бая) Раббиӊер эмне деди?» Алар: «Чындык (деген эле)», - деп жооп беришет. Ал өтө бийик шаӊдуу (жана) эӊ улук.