- وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَا تَاۡتِیۡنَا السَّاعَۃُ ؕ قُلۡ بَلٰی وَ رَبِّیۡ لَتَاۡتِیَنَّکُمۡ ۙ عٰلِمِ الۡغَیۡبِ ۚ لَا یَعۡزُبُ عَنۡہُ مِثۡقَالُ ذَرَّۃٍ فِی السَّمٰوٰتِ وَ لَا فِی الۡاَرۡضِ وَ لَاۤ اَصۡغَرُ مِنۡ ذٰلِکَ وَ لَاۤ اَکۡبَرُ اِلَّا فِیۡ کِتٰبٍ مُّبِیۡنٍ ٭ۙ﴿۴﴾34 : 4 Каапырлык кылгандар: «Бизге «Саат» келбейт», - дешет. Айт: «Жок! Кайыпты билүүчү Раббиме касам! Ал албетте, силерге келет. Асмандарда жана жерде кенедей дагы бир нерсе Андан жашыруун калбас, андан кичине дагы, андан чоӊ дагы, бирок ал ачыктан-ачык китепте бар.