- وَ قَالُوۡۤا اِنۡ نَّتَّبِعِ الۡہُدٰی مَعَکَ نُتَخَطَّفۡ مِنۡ اَرۡضِنَا ؕ اَوَ لَمۡ نُمَکِّنۡ لَّہُمۡ حَرَمًا اٰمِنًا یُّجۡبٰۤی اِلَیۡہِ ثَمَرٰتُ کُلِّ شَیۡءٍ رِّزۡقًا مِّنۡ لَّدُنَّا وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۵۸﴾28 : 58 Алар айтышты: «Эгер биз сени менен бирге хидаятты ээрчисек, журтубуздан чыгарылып ташталабыз». Биз аларга тынчтык-бейпил Харамдан жай бербедикпи? Ал жакка ар кыл мөмөлөр келтирилет. (Булар) Биз жактан ырыскы катары (болот). Бирок алардын көпчүлүгү билбейт.