- وَ قَالَ فِرۡعَوۡنُ یٰۤاَیُّہَا الۡمَلَاُ مَا عَلِمۡتُ لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرِیۡ ۚ فَاَوۡقِدۡ لِیۡ یٰہَامٰنُ عَلَی الطِّیۡنِ فَاجۡعَلۡ لِّیۡ صَرۡحًا لَّعَلِّیۡۤ اَطَّلِعُ اِلٰۤی اِلٰہِ مُوۡسٰی ۙ وَ اِنِّیۡ لَاَظُنُّہٗ مِنَ الۡکٰذِبِیۡنَ ﴿۳۹﴾28 : 39 Фараон айтты: «Эй, башчылар! Мен силер үчүн өзүмдөн башка кандайдыр бир кудай бар экенин билбеймин. Ошондуктан, эй, Хаамаан! Мен үчүн ылай(дан жасалган кыштардын) үстүнө от жак. Ошентип, мага бир сарай куруп бергин, мен Мусанын Кудайын карап көрөйүнчү! Мен аны албетте, жалганчы деп ойлоймун».