- رَبِّ قَدۡ اٰتَیۡتَنِیۡ مِنَ الۡمُلۡکِ وَ عَلَّمۡتَنِیۡ مِنۡ تَاۡوِیۡلِ الۡاَحَادِیۡثِ ۚ فَاطِرَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۟ اَنۡتَ وَلِیّٖ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ۚ تَوَفَّنِیۡ مُسۡلِمًا وَّ اَلۡحِقۡنِیۡ بِالصّٰلِحِیۡنَ ﴿۱۰۲﴾12 : 102 Эй, Раббим! Сен мага мамлекет иштеринен үлүш бердиӊ жана кептердин акыйкатын түшүнүү үчүн илим тартууладыӊ. Эй, асмандар жана жердин Жаратуучусу! Сен дүйнө жана акыретте менин досумсуӊ. Мени баш ийүүчү болгон бойдон өлтүргүн жана мени саалихтер-жакшылар катарына кошкун».