12 : 101 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • وَ رَفَعَ اَبَوَیۡہِ عَلَی الۡعَرۡشِ وَ خَرُّوۡا لَہٗ سُجَّدًا ۚ وَ قَالَ یٰۤاَبَتِ ہٰذَا تَاۡوِیۡلُ رُءۡیَایَ مِنۡ قَبۡلُ ۫ قَدۡ جَعَلَہَا رَبِّیۡ حَقًّا ؕ وَ قَدۡ اَحۡسَنَ بِیۡۤ اِذۡ اَخۡرَجَنِیۡ مِنَ السِّجۡنِ وَ جَآءَ بِکُمۡ مِّنَ الۡبَدۡوِ مِنۡۢ بَعۡدِ اَنۡ نَّزَغَ الشَّیۡطٰنُ بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَ اِخۡوَتِیۡ ؕ اِنَّ رَبِّیۡ لَطِیۡفٌ لِّمَا یَشَآءُ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡعَلِیۡمُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۱۰۱﴾
    12 : 101 Ал ата-энесин урмат менен тактыга өткөрдү жана бардыгы ал үчүн сажда кылышты. Ал айтты: «Эй, атам! Мурун көргөн түшүмдүн жоорулушу мына ушул эле. Менин Раббим аны албетте, орундатып көрсөттү жана шайтан мени менен туугандарымдын арасына ынтымаксыздык салгандан кийин мени зындандан бошоткондо жана силерди ээн талаадан алып келгенде, Ал (Алла) мага мээримдүүлүк кылды. Албетте, менин Раббим Өзү каалаган пендесине абдан мээрбандык кылуучу. Албетте, Ал (Алла) гана дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
Share via