- وَ یٰقَوۡمِ لَاۤ اَسۡئَلُکُمۡ عَلَیۡہِ مَالًا ؕ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلَی اللّٰہِ وَ مَاۤ اَنَا بِطَارِدِ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ؕ اِنَّہُمۡ مُّلٰقُوۡا رَبِّہِمۡ وَ لٰکِنِّیۡۤ اَرٰٮکُمۡ قَوۡمًا تَجۡہَلُوۡنَ ﴿۳۰﴾11 : 30 Эй, коомум! Бул үчүн мен силерден эч кандай мал-мүлк талап кылбаймын. Менин сыйлыгым бир гана Алланын алдында жана мен ыйман келтиргендерди эч качан куугунтуктоочу эмесмин. Албетте, алар өз Раббисине жолугуучулар. Бирок, мен силерди наадандык кылып жаткан коом катары көрөмүн.