- وَ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ اٰیَاتُنَا بَیِّنٰتٍ ۙ قَالَ الَّذِیۡنَ لَا یَرۡجُوۡنَ لِقَآءَنَا ائۡتِ بِقُرۡاٰنٍ غَیۡرِ ہٰذَاۤ اَوۡ بَدِّلۡہُ ؕ قُلۡ مَا یَکُوۡنُ لِیۡۤ اَنۡ اُبَدِّلَہٗ مِنۡ تِلۡقَآیِٔ نَفۡسِیۡ ۚ اِنۡ اَتَّبِعُ اِلَّا مَا یُوۡحٰۤی اِلَیَّ ۚ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اِنۡ عَصَیۡتُ رَبِّیۡ عَذَابَ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۶﴾10 : 16 Биздин ачык-айкын аяттарыбыз аларга окулганда, Бизге кезигүүнү үмүт кылбай тургандар: «Мындан башка бир Куран келтиргин же муну өзгөрткүн», - дешет. Айткын: «Муну өз ыктыярым менен өзгөртүү мен үчүн мүмкүн эмес. Мен жалаӊ өзүмө вахий-аян кылына турган нерседи гана ээрчиймин. Эгер мен өз Раббиме баш ийбестик кылсам, анда албетте, мен улуу күндүн азабынан коркомун».