- وَ اِذَا مَسَّ الۡاِنۡسَانَ الضُّرُّ دَعَانَا لِجَنۡۢبِہٖۤ اَوۡ قَاعِدًا اَوۡ قَآئِمًا ۚ فَلَمَّا کَشَفۡنَا عَنۡہُ ضُرَّہٗ مَرَّ کَاَنۡ لَّمۡ یَدۡعُنَاۤ اِلٰی ضُرٍّ مَّسَّہٗ ؕ کَذٰلِکَ زُیِّنَ لِلۡمُسۡرِفِیۡنَ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۳﴾10 : 13 Адамзатка кандайдыр бир балээ келгенде, ал жанбаштап (жаткан бойдон) же отуруп же туруп Бизге жалбарат. Бирок, андан балээсин алып таштаганыбызда, тим эле ал өзүнө келген балээге Бизди эч качан чакырбагандай өтүп кетет. Чектен ашуучуларга алар кыла турган амалдары мына ушундай сонун көрсөтүлөт.