- وَ الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا مَسۡجِدًا ضِرَارًا وَّ کُفۡرًا وَّ تَفۡرِیۡقًۢا بَیۡنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ اِرۡصَادًا لِّمَنۡ حَارَبَ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ مِنۡ قَبۡلُ ؕ وَ لَیَحۡلِفُنَّ اِنۡ اَرَدۡنَاۤ اِلَّا الۡحُسۡنٰی ؕ وَ اللّٰہُ یَشۡہَدُ اِنَّہُمۡ لَکٰذِبُوۡنَ ﴿۱۰۷﴾9 : 107 Зыян жеткирүү, каапырлыкты таркатуу, момундардын арасында чатак салуу жана Алла менен Анын Пайгамбарына каршы мурдатан согушуп жаткан кишиге буктурма берүү үчүн бир мечит салгандар, албетте: «Биз жалаӊ жакшылыкты гана көздөгөн элек», - деп касам ичишет. Ал эми, алар кызылдай жалганчы экенине Алла күбөлүк берет.