- لَقَدۡ نَصَرَکُمُ اللّٰہُ فِیۡ مَوَاطِنَ کَثِیۡرَۃٍ ۙ وَّ یَوۡمَ حُنَیۡنٍ ۙ اِذۡ اَعۡجَبَتۡکُمۡ کَثۡرَتُکُمۡ فَلَمۡ تُغۡنِ عَنۡکُمۡ شَیۡئًا وَّ ضَاقَتۡ عَلَیۡکُمُ الۡاَرۡضُ بِمَا رَحُبَتۡ ثُمَّ وَلَّیۡتُمۡ مُّدۡبِرِیۡنَ ﴿ۚ۲۵﴾9 : 25 Албетте, Алла силерге көптөгөн жайларда жардам берген, (айрыкча сан жагынан) көп болгонуӊар силерди текеберлентип жиберген Хунайн күнү. Анан ал силерге эч кандай пайда бере албады жана жер өзүнүн кеӊдигине карабастан силерге тар болуп калды. Андан кийин силер аркаӊарды салып качып кеттиӊер.