5 : 107 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا شَہَادَۃُ بَیۡنِکُمۡ اِذَا حَضَرَ اَحَدَکُمُ الۡمَوۡتُ حِیۡنَ الۡوَصِیَّۃِ اثۡنٰنِ ذَوَا عَدۡلٍ مِّنۡکُمۡ اَوۡ اٰخَرٰنِ مِنۡ غَیۡرِکُمۡ اِنۡ اَنۡتُمۡ ضَرَبۡتُمۡ فِی الۡاَرۡضِ فَاَصَابَتۡکُمۡ مُّصِیۡبَۃُ الۡمَوۡتِ ؕ تَحۡبِسُوۡنَہُمَا مِنۡۢ بَعۡدِ الصَّلٰوۃِ فَیُقۡسِمٰنِ بِاللّٰہِ اِنِ ارۡتَبۡتُمۡ لَا نَشۡتَرِیۡ بِہٖ ثَمَنًا وَّ لَوۡ کَانَ ذَا قُرۡبٰی ۙ وَ لَا نَکۡتُمُ شَہَادَۃَ ۙ اللّٰہِ اِنَّاۤ اِذًا لَّمِنَ الۡاٰثِمِیۡنَ ﴿۱۰۷﴾
    5 : 107 Эй, ыйман келтиргендер! Араңардан бирөөңөргө өлүм келгенде, осуят убагында араңарда күбөлүк катары өзүңөрдөн болгон эки адилеттүү күбөлөрдү дайындоо керек. Албетте, эгер силер жерде сапарда болуп, өлүм апааты силерге жетип келсе, анда жаттардан эки кишини күбө кылууңар мүмкүн. Силер ал экөөсүн намаздан кийин токтотуп калгыла. Эгер шектенсеңер, анда ал экөөсү Алла атына касам ичип: «Биз бул күбөлүктүн ордуна эч кандай акы албайбыз, а түгүл (биздин) жакын тууганыбыз болсо да. Жана Биз Алла белгилеп койгон күбөлүктү жашырбайбыз. Болбосо, биз албетте, күнөөкөрлөрдөн болуп калабыз», - деп айтуулары керек.
Share via