4 : 13 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • وَ لَکُمۡ نِصۡفُ مَا تَرَکَ اَزۡوَاجُکُمۡ اِنۡ لَّمۡ یَکُنۡ لَّہُنَّ وَلَدٌ ۚ فَاِنۡ کَانَ لَہُنَّ وَلَدٌ فَلَکُمُ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَکۡنَ مِنۡۢ بَعۡدِ وَصِیَّۃٍ یُّوۡصِیۡنَ بِہَاۤ اَوۡ دَیۡنٍ ؕ وَ لَہُنَّ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَکۡتُمۡ اِنۡ لَّمۡ یَکُنۡ لَّکُمۡ وَلَدٌ ۚ فَاِنۡ کَانَ لَکُمۡ وَلَدٌ فَلَہُنَّ الثُّمُنُ مِمَّا تَرَکۡتُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ وَصِیَّۃٍ تُوۡصُوۡنَ بِہَاۤ اَوۡ دَیۡنٍ ؕ وَ اِنۡ کَانَ رَجُلٌ یُّوۡرَثُ کَلٰلَۃً اَوِ امۡرَاَۃٌ وَّ لَہٗۤ اَخٌ اَوۡ اُخۡتٌ فَلِکُلِّ وَاحِدٍ مِّنۡہُمَا السُّدُسُ ۚ فَاِنۡ کَانُوۡۤا اَکۡثَرَ مِنۡ ذٰلِکَ فَہُمۡ شُرَکَآءُ فِی الثُّلُثِ مِنۡۢ بَعۡدِ وَصِیَّۃٍ یُّوۡصٰی بِہَاۤ اَوۡ دَیۡنٍ ۙ غَیۡرَ مُضَآرٍّ ۚ وَصِیَّۃً مِّنَ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَلِیۡمٌ ﴿ؕ۱۳﴾
    4 : 13 Эгер аялдарыңар бала-чакалуу болбосо, анда силерге алар калтырган (мурас)тын жарымы тиет. Бирок, эгер алар бала-чакалуу болсо, анда силерге алар калтырган (мурас)тын төрттөн бир бөлүгү тиет. (Бул үлүштөр) алар кылган керези жана карызы төлөнгөн соң (бөлүнүп берилет). Эгер бала-чакаңар болбосо, анда аларга силер калтырган мурастын төрттөн бир бөлүгү тиет; ошондой эле, эгер бала-чакаңар болсо, анда аларга (аялдарга) силер калтырган мурастын сегизден бир бөлүгү тиет. (Бул үлүштөр) силер кылган керези жана карыз төлөнгөн соң (бөлүп берилет); ошондой эле, эгер (ата-энеси жана бала-чакасы болбогон, бирок) ага-иниси же эже-карындашы бар эркек же аялдан калган мурас бөлүштүрүлсө, ал экөөсүнүн ар бирине алтыдан бир бөлүгү тиет. Жана эгер алар (ага-инилер жана эже-сиңдилер) мындан көбүрөөк болсо, анда алардын баардыгы үчтөн бир бөлүгүнө ээ болот. (Бул үлүштөр) кылынган керези же карыз төлөнгөн соң (бөлүп берилет). (Бул бөлүшүүдө) эч кимге зыян келтирилбеш керек. (Бул) Алла тарабынан осуят. Алла дайыма билүүчү (жана) өтө жумшак көңүл.
Share via