2 : 197 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • وَ اَتِمُّوا الۡحَجَّ وَ الۡعُمۡرَۃَ لِلّٰہِ ؕ فَاِنۡ اُحۡصِرۡتُمۡ فَمَا اسۡتَیۡسَرَ مِنَ الۡہَدۡیِ ۚ وَ لَا تَحۡلِقُوۡا رُءُوۡسَکُمۡ حَتّٰی یَبۡلُغَ الۡہَدۡیُ مَحِلَّہٗ ؕ فَمَنۡ کَانَ مِنۡکُمۡ مَّرِیۡضًا اَوۡ بِہٖۤ اَذًی مِّنۡ رَّاۡسِہٖ فَفِدۡیَۃٌ مِّنۡ صِیَامٍ اَوۡ صَدَقَۃٍ اَوۡ نُسُکٍ ۚ فَاِذَاۤ اَمِنۡتُمۡ ٝ فَمَنۡ تَمَتَّعَ بِالۡعُمۡرَۃِ اِلَی الۡحَجِّ فَمَا اسۡتَیۡسَرَ مِنَ الۡہَدۡیِ ۚ فَمَنۡ لَّمۡ یَجِدۡ فَصِیَامُ ثَلٰثَۃِ اَیَّامٍ فِی الۡحَجِّ وَ سَبۡعَۃٍ اِذَا رَجَعۡتُمۡ ؕ تِلۡکَ عَشَرَۃٌ کَامِلَۃٌ ؕ ذٰلِکَ لِمَنۡ لَّمۡ یَکُنۡ اَہۡلُہٗ حَاضِرِی الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۱۹۷﴾٪
    2 : 197 Алла үчүн ажылыкты жана «Умраны» аткаргыла. Демек, эгер силер тосулуп калсаңар, анда мүмкүн болгон курмандык(ты кылгыла) жана курмандык өзүнүн (союла турган) белгилүү жайына жетип бармайынча, баштарыңарды – (чачтарыңарды) алдырбагыла. Ошентип, эгер силерден кимдир бирөө оорулуу болсо же башында кесел болсо, орозо тутуп же садага берип же курмандык кылып, «Фидя» төлөшү керек. Ошентип, коркунучтан кийин бейпилдик тапканыңарда, ким «Умраны» ажылыкка кошуп, пайдаланмакчы болсо, ал өзүнө насип болгон курмандык(ты кылышы керек).(Курмандыкка) күчү жетпеген киши ажылык учурунда үч күн орозо тутушу керек жана кайтып кеткениңерде жети орозо. Булардын бардыгы он (күн) болот. Бул буйруктар үй-бүлөсү Хараам Мечитинин тегерегинде жашабаган киши үчүн. Алладан корккула жана Алла жазалоодо өтө катуу экенин билгиле.
Share via