2 : 188 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • اُحِلَّ لَکُمۡ لَیۡلَۃَ الصِّیَامِ الرَّفَثُ اِلٰی نِسَآئِکُمۡ ؕ ہُنَّ لِبَاسٌ لَّکُمۡ وَ اَنۡتُمۡ لِبَاسٌ لَّہُنَّ ؕ عَلِمَ اللّٰہُ اَنَّکُمۡ کُنۡتُمۡ تَخۡتَانُوۡنَ اَنۡفُسَکُمۡ فَتَابَ عَلَیۡکُمۡ وَ عَفَا عَنۡکُمۡ ۚ فَالۡـٰٔنَ بَاشِرُوۡہُنَّ وَ ابۡتَغُوۡا مَا کَتَبَ اللّٰہُ لَکُمۡ ۪ وَ کُلُوۡا وَ اشۡرَبُوۡا حَتّٰی یَتَبَیَّنَ لَکُمُ الۡخَیۡطُ الۡاَبۡیَضُ مِنَ الۡخَیۡطِ الۡاَسۡوَدِ مِنَ الۡفَجۡرِ۪ ثُمَّ اَتِمُّوا الصِّیَامَ اِلَی الَّیۡلِ ۚ وَ لَا تُبَاشِرُوۡہُنَّ وَ اَنۡتُمۡ عٰکِفُوۡنَ ۙ فِی الۡمَسٰجِدِ ؕ تِلۡکَ حُدُوۡدُ اللّٰہِ فَلَا تَقۡرَبُوۡہَا ؕ کَذٰلِکَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ اٰیٰتِہٖ لِلنَّاسِ لَعَلَّہُمۡ یَتَّقُوۡنَ ﴿۱۸۸﴾
    2 : 188 Орозо (айынын) түндөрүндө аялдарыңар менен кошулуу силерге адал кылынды. Алар силердин кийимиңер, силер алардын кийимисиңер. Силер өзүңөргө карата кылган адилетсиздигиңерди Алла билет. Ошондуктан, Ал силерге мээрбан болду жана силерди кечирди. Эми, алар менен кошулла бергиле жана Алла силер тууралуу жазып койгонун талап кылгыла. Таң (аткан)дыктан (саардын) ак нуру (түндүн) караңгысынан айырмаланганга чейин жеп-ичкиле. Анан кечке чейин орозону уланткыла. Силер мечиттерде «Эътикааф» болгонуңарда, алар менен кошулбагыла. Булар Алланын чек аралары. Ошондуктан, аларга жакын барбагыла. Алла Өз аяттарын адамдарга, алар такыба болсун үчүн мына ушундай ачык баяндайт.
Share via