2 : 103 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • وَ اتَّبَعُوۡا مَا تَتۡلُوا الشَّیٰطِیۡنُ عَلٰی مُلۡکِ سُلَیۡمٰنَ ۚ وَ مَا کَفَرَ سُلَیۡمٰنُ وَ لٰکِنَّ الشَّیٰطِیۡنَ کَفَرُوۡا یُعَلِّمُوۡنَ النَّاسَ السِّحۡرَ ٭ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ عَلَی الۡمَلَکَیۡنِ بِبَابِلَ ہَارُوۡتَ وَ مَارُوۡتَ ؕ وَ مَا یُعَلِّمٰنِ مِنۡ اَحَدٍ حَتّٰی یَقُوۡلَاۤ اِنَّمَا نَحۡنُ فِتۡنَۃٌ فَلَا تَکۡفُرۡ ؕ فَیَتَعَلَّمُوۡنَ مِنۡہُمَا مَا یُفَرِّقُوۡنَ بِہٖ بَیۡنَ الۡمَرۡءِ وَ زَوۡجِہٖ ؕ وَ مَا ہُمۡ بِضَآرِّیۡنَ بِہٖ مِنۡ اَحَدٍ اِلَّا بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ یَتَعَلَّمُوۡنَ مَا یَضُرُّہُمۡ وَ لَا یَنۡفَعُہُمۡ ؕ وَ لَقَدۡ عَلِمُوۡا لَمَنِ اشۡتَرٰٮہُ مَا لَہٗ فِی الۡاٰخِرَۃِ مِنۡ خَلَاقٍ ۟ؕ وَ لَبِئۡسَ مَا شَرَوۡا بِہٖۤ اَنۡفُسَہُمۡ ؕ لَوۡ کَانُوۡا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۰۳﴾
    2 : 103 Алар Сулайман падышачылыгына каршы шайтандар окуп жүргөн нерселерди ээрчишти. Сулайман каапырлык кылбады, жок, ошол шайтандар каапырлык кылышты. Алар адамдарга сыйкыр үйрөтүп жатышкан. (Буга тескерисинче), Баабилде эки периште «Хаарут» жана «Маарутка» түшүрүлгөн нерсе(нин акыйкаты мындай): алардын экөөсү ар кимге: «Биз болгону, (Алла тарабынан жиберилген) сынообуз, ошон үчүн сен каапырлык кылба», - дебестен туруп, эч кимге эч нерсе үйрөтпөдү. Ошентип, адамдар ал экөөнөн мындай нерселерди үйрөнүшкөн: ал аркылуу алар күйөөсү жана аялынын ортосун ажыраштырган. Жана Алланын уруксатысыз алар ал аркылуу эч кимге зыян келтирүүчүлөр эмес эле. (Буга тескерисинче, шайтандардан үйрөнүп жүргөн кишилер) өздөрүнө зыян келтире турган, пайда бербей турган нерселерди гана үйрөнүшкөн. Чынында, алар: «Кимде-ким мындай соодалашса, ал үчүн акыретте эч кандай үлүш болбойт», - деген нерсени жакшы билип алышкан эле. Демек, алар өздөрүнүн жандарын сатып жиберип, ордуна алган (убактылуу пайда) өтө жаман. Атаганат, алар билишсе кана!
Share via