2 : 88 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡکِتٰبَ وَ قَفَّیۡنَا مِنۡۢ بَعۡدِہٖ بِالرُّسُلِ ۫ وَ اٰتَیۡنَا عِیۡسَی ابۡنَ مَرۡیَمَ الۡبَیِّنٰتِ وَ اَیَّدۡنٰہُ بِرُوۡحِ الۡقُدُسِ ؕ اَفَکُلَّمَا جَآءَکُمۡ رَسُوۡلٌۢ بِمَا لَا تَہۡوٰۤی اَنۡفُسُکُمُ اسۡتَکۡبَرۡتُمۡ ۚ فَفَرِیۡقًا کَذَّبۡتُمۡ ۫ وَ فَرِیۡقًا تَقۡتُلُوۡنَ ﴿۸۸﴾
    2 : 88 Албетте, Биз Мусага Китеп бердик жана андан кийин дагы тынымсыз пайгамбарларды жөнөтүп турдук. Биз Иса Марям уулуна ачык-айкын аят-белгилерди бердик жана Биз аны Рухул-Кудус менен кубаттандырдык. Эмне, ар бир жолу кандайдыр бир пайгамбар силерге жакпаган нерселер менен алдыңарга келгенде, силер текеберлик кыласыңарбы? Алардын айрымдарын жалганчы кылып, айрымдарын өлтүрөсүңөрбү?
Share via