Сегизинчи Байъат шарты
«Ал дин жана диндин кадыр–баркын, ошондой эле Исламга болгон боорукерлигин өзүнүн жанынан, мал–дүнүйөсүнөн, аброюнан, балдарынан жана ар бир тууганынан кымбат көрөт».
«Динди дүйнөдөн жогору коюу» деген убада ушундай убада: Жамаат менен үзгүлтүксүз байланышта болгон жана (диний) чогулуштар менен жыйындар ж.б.га катыша турган ар бир Жамаат мүчөсү ушул убаданы бир канча жолу кайталайт. Ар бир жыйын жана Жалса ж.б.да илине турган плакаттардын арасында көбүнчө «динди дүйнөдөн жогору коёмун» деген плакат да болот. Эмнеге ага ушунчалык басым жасалган? Себеби, ансыз ыйман туруктуу бойдон калбайт. Ага амал кылуу оңой иш эмес. Ошондуктан, ага жетишүү үчүн ар бир көз ирмемде, дайыма Алла Тааладан жардам сурап туруу керек. Анын берешендиги болгондо гана ушул жогорку өлчөмгө жетишүүгө болот. Алла Тааланын берешендиги менен биз – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын Байъатына киргендер үчүн Алла Таала мындай буюрган: Курани Каримде төмөнкүдөй кезигет:وَمَاۤ اُمِرُوۡۤا اِلَّا لِیَعۡبُدُوا اللّٰہَ مُخۡلِصِیۡنَ لَہُ الدِّیۡنَ ۬ۙ حُنَفَآءَ وَیُقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَیُؤۡتُوا الزَّکٰوۃَ وَذٰلِکَ دِیۡنُ الۡقَیِّمَۃِКотормосу: Алар динди Ага гана калыс-таандык кылган бойдон, дайыма Ага гана ийилген абалда, Аллага ибадат кылуудан, намаз окуу жана зекет берүүдөн бөлөк эч нерсеге буюрулбаган эле. Мына ушунун өзү туруктуу жана туруктуулук берүүчү таалимдердин дини. («Ал-Баййина» сүрөөсү: 6)
Демек, намаздарды орундатуу менен, тагыраак айтканда жамаат намазы жана убагында намаз окуу менен, Анын жолунда сарптоо менен, кедей-муктаждарга көңүл буруу менен дагы биз туура динде туруктуу боло алабыз. Ошондой эле ушул таалимдерди жашоолорубузга колдонуубуз мүмкүн, жашоолорубузда аны ишке ашыруубуз мүмкүн. Биз Алла Таалага ибадат кылып, Ал тартуулаган таалимге амал кылганыбызда, Алла Таала аны орундатуу үчүн бизге күч-кубат берет жана ыймандарыбызды ушунчалык бекемдеп коёт: натыйжада биз өзүбүздү да, каалоолорубузду да, бала-чакабызды да дин астында төмөн көрө баштайбыз. Кыскасы, бүт баары Алла Таалага гана таандык болгондо жана биздин эч нерсебиз биздики болбой калганда, ошондой адамдарды Алла Таала ийгиликсиз кылбайт. Ал алардын абийирдүүлүктөрүн да коргойт, бала-чакасын да коргойт, аларды көбөйтөт, алардын мал-мүлкүн да көбөйтөт, аларды Өз рахмат жана берешендиги кездемесине дайыма ороп турат жана алардын ар түрдүү кооптонууларын кетирет. Алла Таала мындай дейт:بَلٰی ٭ مَنۡ اَسۡلَمَ وَجۡہَہٗ لِلّٰہِ وَہُوَ مُحۡسِنٌ فَلَہٗۤ اَجۡرُہٗ عِنۡدَ رَبِّہٖ ۪ وَلَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَلَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَКотормосу: Жок, жок! Чындыгында, кимде-ким өзүн бүтүндөй Аллага тапшырса жана ал жакшы амалдарды жасоочу болсо, анын сыйлыгы Раббисинин алдында бар. Аларга эч кандай коркунуч жок жана алар сар-санаа да тартышпайт. («Ал-Бакара» сүрөөсү: 113)