Меникилер менден ажырашпайт
Дагы мындай айткан:
«Демек, эгер кимдир бирөө мени эрчүүнү каалабаса, ал менден ажырап кетсин. Алигиче канчалык коркунучтуу токойлор жана тикендүү ээн талаалардан өтөөрүбүздү мен кайдан билмекмин? Ошондуктан, буттары борпоңдор эмне үчүн мени менен жапа чегишет? Меникилер менден ажыраша албайт, мейли кырсык-балээлер болсун, мейли адамдардын сөгүнүүлөрү болсун, мейли асмандык сыноолор жана экзамендер болсун. Меники болбогондор: «Биз досубуз», – деп бекерден-бекерге айтышат, себеби жакын арада алар ажыратылып жиберилишет, алардын кийинки ахвалы мурункусунан жаманыраак болот. Биз зилзалалардан коркушубуз мүмкүнбү? Биз Алла Тааланын жолундагы сыноолордон кооптонушубуз мүмкүнбү? Биз сүйүктүү Кудайыбыздын сыноосунан оолак боло алабызбы? Эч качан оолак боло албайбыз, ооба Анын берешендиги жана рахматы менен гана мүмкүн. Ошентип, ажыраша тургандар ажырашып кетсин, алар менен акыркы жолу коштошобуз. Бирок алар билип коюулары зарыл: жаман ойго барып, алакаларын үзүп алган соң, эгер кайсы бир мезгилде ийилишсе, анда ушул ийилүү Алланын алдында ыйманы бекемдер тапкан сый-урматтай сый-урматка ээ боло албайт. Анткени арам ой жана чыккынчылык тагы – абдан чоң так». («Руханий хазаайин», 9-том, «Анваарул-Ислам», 23-24-беттер)