Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
Ушул шартта Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) бизден төмөнкүдөй убаданы алууда: туура, адамдар ушул системага кирип, мени менен тууганчылык байланышын байланыштырууда, себеби бир мусулман башка мусулмандын тууганы, бирок ушул жерде байланыштырылып жаткан сүйүү жана боордоштук байланышы андан да жогору турат.
Анткени, ушул жерде теңдик байланышы жана тууганчылык орнотулбай эле. Тескерисинче, силер келе турган Масийхке[1] ыйман келтирүүгө Алла Таала жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) буюрган деп моюнга алуудасыңар. Ошондуктан, биз ушул байланышты Алла Таала үчүн орнотуудабыз. Алла Тааланын динин жогорулатуу, Исламды ааламдын четтерине чейин жеткирүү үчүн, аны жайылтуу үчүн ушул алаканы орнотуп жатабыз. Ошондуктан: «Биз Маъруф[2] иштерге баш ийүүгө да убада беребиз, анан өмүрүбүздүн аягына чейин аны орундатабыз», – деп айтсаңар, анда ушул алака-байланыш ийгиликтүү жана бекем болушу мүмкүн.
Муну да билип койгула, ушул байланыш бул жерге токтоп калбасын, тескерисинче ар күнү ал мурдагыдан да бекемирээк болушу керек. Ал ушунчалык бекем болушу керек, ушунчалык жогорку даражалуу болушу керек: анын каршысында бардык дүйнөлүк тууганчылыктар, алакалар жана достуктар төмөн деп далилдениши керек. Ушунчалык теңдеши жок жана бекем алака болушу керек: анын каршысында бардык алака-байланыштар жана тууганчылыктар максатсыз көрүнсүн. Дагы мындай айтат: «Тууганчылыктарда кээде бир нерсе алгыла, бир нерсе бергиле, кээде баш ийгиле, кээде баш ийдиргиле деген усулду колдонсо болот», – деп ойлонушуңар мүмкүн. Демек, ушул жерде ачык-айкын айтып коёюн: силердин ушул алакаңар кулдар сыяктуу жана кызматчылар сыяктуу дагы, тескерисинче андан да жогорураак болушу керек. Силер унчукпай баш ийишиңер керек. Эч качан: «Бул ишти азыр кылууга болбойт же мен азыр аны кыла албаймын», – деп айтпашыңар керек. Силер Байъат кылганыңардан кийин жана Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын Жамаатынын системасына киргениңерден кийин (өзүңөрдөгү бардык нерселерди Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)га берип салдыңар, эми анын көрсөтмөлөрүнө гана баш ийишиңер керек жана анын таалимин ээрчишиңер лаазым. Ал (алайхиссалаам)дан кийин Хилаафат системасы[3] орнотулгандыктан учурлук Халифанын буйруктары жана көрсөтмөлөрүн ээрчишиңер лаазым. Бирок, ушул жерде мындай ойлонбош керек: кызматчы жана нөөкөрдүн иши – аргасыз кызмат кылуу гана. Кээде кызматчылар күңкүлдөп да жүрө беришет. Ошол үчүн муну жакшылап эске туткула, бул кызматчылардын ахвалындай ахвал, бирок андан жогору турат. Анткени Алла Таала үчүн тууганчылык байланышы да бар жана Алла Таала үчүн баш ийем деген убада да бар, анан ошол себептен курмандык кылуу убадасы да бар. Ошентип, адам чын жүрөктөн курмандык кылганда эле курмандыктын сообуна татыктуу болот. Бул ушундай шарт: ага канчалык терең көңүл бурсаңар, ошончолук Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын сүйүүсүнө чөмүп кетесиңер жана өзүңөрдү Жамаат системасына баш ийүүчү деп табасыңар. Курани Каримде Алла Таала мындай деп айтат:یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ اِذَا جَآءَکَ الۡمُؤۡمِنٰتُ یُبَایِعۡنَکَ عَلٰۤی اَنۡ لَّا یُشۡرِکۡنَ بِاللّٰہِ شَیۡئًا وَّلَا یَسۡرِقۡنَ وَلَا یَزۡنِیۡنَ وَلَا یَقۡتُلۡنَ اَوۡلَادَہُنَّ وَلَا یَاۡتِیۡنَ بِبُہۡتَانٍ یَّفۡتَرِیۡنَہٗ بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِنَّ وَاَرۡجُلِہِنَّ وَلَا یَعۡصِیۡنَکَ فِیۡ مَعۡرُوۡفٍ فَبَایِعۡہُنَّ وَاسۡتَغۡفِرۡ لَہُنَّ اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌКотормосу: Эй, Пайгамбар! Качан момун аялдар сенин алдыңа келип, эч нерсени Аллага шерик кылбастыкка, уурулук кылбастыкка, зына кылбастыкка, балдарын өлтүрбөстүккө, (бирөөгө) өз колдору жана аяктарынын алдында ойлоп чыгарган жалаа кылбастыкка, ошондой эле жакшы иштерде сага баш ийбестик кылбастыкка байъат кылышса, алардын байъатын кабыл эт жана Алладан алар үчүн кечирим сура. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу. («Ал–Мумтахина» сүрөөсү: 13)
Ушул аятта аялдардан төмөндөгүдөй Байъат убадасын алууга буюрулган: алар Ширк кылышпайт. Уурулук кылышпайт. Зынаа кылышпайт. Бала-чакасын өлтүрүшпөйт (бала-чакасын тарбиялоого көңүл бурушат). Эч кимге жалаа жабышпайт. Маъруф иштеринде баш ийбестик кылышпайт. Бул жерде Алла Таала тарабынан дайындалган пайгамбар дагы Маъруф эмес иштерге чакырышы мүмкүнбү? деген суроо туулат. Эгер пайгамбар ошондой кылса, анда Халифа да Маъруф эмес иштерге чакырышы мүмкүн. Бул жөнүндө ачык-айкын болсун: пайгамбар эч качан ошондой буйрук бере албайт, пайгамбар сүйлөгөндө, Маъруфту эле сүйлөйт, андан башка эч нерсе айтпайт. Ошол үчүн Курани Каримдин бир нече жеринде төмөндөгүдөй буйрук кезигет: силер Алла жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйруктарына баш ийүүңөр керек, аларды орундатууңар лаазым. Эч бир жерде Маъруф буйрукка гана баш ийүү керек деп жазылган жок. Анан эмнеге эки башка буйрук берилген? деген суроо туулат. Чындыгында, бул эки башка буйрук эмес. Кээ бирөөлөр муну түшүнүүдө жаңылышкан. Мен айтып өткөнүмдөй, пайгамбардын ар бир буйругу Маъруф эле болот. Пайгамбар эч качан Алла Тааланын амирлерине, шарият буйруктарына каршы бара албайт, себеби ал өзү ушул ишке буюрулган. Ал өзүнө буюрулган кызматка каршы барса болобу? Бул – силерге тиешелүү куш кабар: силер пайгамбарды кабыл алып, Кудайдан келгенди кабыл алып, анын Жамаатына кошулуп коргоого алындыңар. Эми силер үчүн эч бир Маъруф эмес буйрук жок, кандай буйрук болбосун, ал Алла Таала алдында жагымдуу.
[1] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам) келүүсүн алдын-ала кабарлаган убада кылынган Масийх (Мессия).
[2] Жакшы-жарамдуу.
[3] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дан кийин Ахмадия Мусулман Жамаатындагы Халифалар жетекчилик кылып келе жаткан руханий башкаруу системасы.