Кыянатчылык кылбагыла
Дагы кыянатчылык тууралуу Алла Таала мындай дейт:وَ لَا تُجَادِلۡ عَنِ الَّذِیۡنَ یَخۡتَانُوۡنَ اَنۡفُسَہُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ مَنۡ کَانَ خَوَّانًا اَثِیۡمًاКотормосу: Жана өздөрүнө кыянат кылуучулар тарабында туруп талашпа! Албетте, Алла катуу кыянат кылуучу күнөөкөрдү жактырбайт. («Ан-Нисаа» сүрөөсү: 108)
Бир хадис бар. Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Кимдир бирөө силерге аманат катары бир нерсе койсо, анын аманатын ага кайтарып бергиле. Ошондой эле силерге кыянатчылык кылган бирөөгө да такыр кыянаттык кылбагыла». («Сунан Абу Давуд», Китаабул-Буюъ, Баабу фир-Ражули йа’хузу хаккаху)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:
«Таштай турган жаманчылыктын түрлөрүнүн экинчиси – аманат менен «диянат» деп аталуучу кулк-мүнөз. Тактап айтканда, куулук жана жаман ниет менен башка бирөөнүн мал-мүлкүн тартып алып, ага зыян келтирүүнү жактырбоо. Демек, билүүгө зарыл болгон нерсе, диянат менен аманат адамдын табигый ахвалдарынын бир ахвалы. Ошол үчүн эмчиктеги балада кичинекейлигинен улам өзүнүн табигый жөнөкөйлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, өзүнүн кичине жашта болгондугу себебинен алигиче жаман адатка үйрөнбөгөн болот. Ал башка бирөөнүн нерсесин ушунчалык жек көрөт, жат аялдын сүтүн да араң ичет». («Руханий хазаайин», 10-том, «Ислам усулдарынын философиясы», 344-бет)