Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
Жетинчи шартта карапайымдык, адеп-ахлактуулук, жөнөкөйлүк ж. б. га көңүл бурат деген сөз дагы айтылган эле. Ырас, көбүнчө карапайым жана кедей-муктаж адамдар пайгамбарларга ыйман келтиришет. Бирок курмандыктар майданында байлардан көрө чын көңүл менен мал-мүлкүн сарпташат. А түгүл жанын курман кылууга да туура келсе, аяшпайт. Алар эч качан көйрөңдөнүшпөйт жана текеберчилик кылышпайт, тескерисинче ар бир жаш-карынын алдында эң бийик мартабалуу карапайымдык жана жөнөкөйлүк менен күн кечиришет, ошондой эле жөнөкөйлүк жана карапайымдыкты туу чокусуна чыгарышат. Илаахий Жамааттардын өсүп-өнүгүүсүнүн сыры ошондо: карапайымдык жана жөнөкөйлүктүн эң зор үлгүлөрүн көргөзө турган карапайым адамдар канчалык көп болсо, өсүп-өнүгүүнүн тездиги ошончолук көп болот. Мен айтып өткөндөй, пайгамбарларга ыйман келтире турган адамдар ошондой болушат. Ошондой адамдарга пайгамбарлардын назары түшкөндө, аларды дагы өркүндөтөт, аларга дагы көбүрөөк жарык нур тартуулайт. Ошондой карапайым адамдар башкалар үчүн өз жайын таштап, босогого барып отурууга туура келсе, ошол жерге барып отуруудан да арданышпайт. Бирок Кудай тарабынан дайындалган (элчи)нин кыраакы көздөрү ошондой адамдарды таап алат. Анан ошол карапайымдыкты сыйлоо үчүн жана өз Жамаатына: «Менин Жамаатымда карапайым жана жөнөкөй адам эң жогорку орунду ээлейт», – деп түшүндүрүү үчүн карапайым-ийилүүчү адамдарды ошол жерден тургузуп, өзүнүн жанына чакырышат, ошондой эле тамак учурунда чакырып, өздөрү менен чогуу, өз идишинен тамактандырышат. Карапайымдыктын аркасынан ошондой адамдардын динди эртерээк кабыл кылгандыктары үчүн жана дин таалимдерине толук бойдон амал кылгандыктары үчүн гана пайгамбарлар аларды кадырлашат.
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай айтат:
«Карапайым адамдар текеберленишпейт жана толук адептүүлүк менен акыйкатты кабыл алышат. Мен акыйкатты сүйлөймүн: карапайым адамдар ээлеген бакыттын биринин онунчу бөлүгүнө да ээ болбогондор бай-дөөлөттүүлөрдүн арасында арбын». («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаала-э-Авхаам», 537-бет)
Ошондуктан, динди жакшылап түшүнүп, ага амал кылуулары үчүн Жамаатка мүчө болуп кире тургандар үчүн карапайымдык шартын койду. Эми, ошондой өзгөрүүлөр кандайча жүз бергендиги туурасында айрым мисалдарды келтиремин.
Мыкты аалым Азирети Саййид Мухаммад Сарвар Шах Сахиб (разияллааху анху)[1] бай үй-бүлөдөн болгон. Ошого карабастан, анын тазалыгы, карапайымдыгы жана жөнөкөйлүгү үлгү аларлык болгон. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)га байланышып, Хузур (алайхиссалаам)дын кулчулук моюнтуругун өз моюнуна салып, дүйнө кызыкчылыктарынын талабын жүрөгүнөн чыгарып салды. Чынында, Ахмадия медресесинде иштеп жаткан кезинде бүт убактысын кароолчуга да ылайык келбеген кичине үйдө өткөрдү. Хузур (алайхиссалаам)дын эшигине кул болгонунан кийин бүткүл дүйнөнү таштап, дүйнөлүк оокаттын кызыкчылыгы деген ойду да келтирбеген. («Асхааб-э-Ахмад», 5-том, 3-бөлүгү, 9-бет, 1964-жылдагы басылыш)
Ошондой эле Мавлавий Бурхаануддин Сахибдин карапайымдуулугу жөнүндө дагы бир мисал кезигет. Бир жолу Хузур (алайхиссалаам)дын алдына келип, эмнегедир ыйлай баштады. Хузур (алайхиссалаам) өтө мээримдүүлүк менен: «Мавлавий Сахиб! Эмне болду деп сурады. Ал жооп берди: «Хузур! Эң алгач Котхий болдум, анан Бавлий болдум, андан кийин Газнавий болдум, эми Мирзааий болдум. Ыйлаганымдын себеби, өмүрүм аяктап баратат, мен «жудду да жудду хий рех гия». Тагыраак айтканда, эң биринчи мен Котхаадагы пирдин[2] бутун өптүм. Анан бавлийлик[3] олуянын кызматында болдум. Андан кийин Мавлавий Абдулла Газнавий Сахибдин[4] кызматына бардым. Эми Хузур (алайхиссалаам)дын кызматына келдим. Бирок, мен ошондой эле жөндөмсүз бойдон калдым. (Бул анын карапайымдуулугу эле). Ыйлаганымдын себеби ушул. Ошондо Хузур (алайхиссалаам) Мавлавий Сахибди абдан мээримдүүлүк менен сооротуп, көңүлүн көтөрдү жана мындай айтты: «Мавлавий Сахиб! Кайгырбагын. Сиз жете турган жерге жетип алдыңыз. Эми сар-санаа тартпоо керек». Ошондо ал ыйлап сооронду жана тынчыды». («Рабвахтагы «Маахнаама Ансааруллаах», 1977-жылы, сентябрь, 14-бет)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай деп жазат:
«Чындыгында, Жамму (Индия) штатынын тургуну Хиббий филлаа Саййид Фазлулла Шах Сахиб Лахорий[5] бүтүндөй ичи таза, сүйүү жана ыкыластуулукка жык толо, жетик ишенич нуру менен нурданган. Ал мал-мүлк жана жан жагынан курмандыкка даяр. Ушул жолдогу керектөөлөрдөн эсептелген адептүүлүк жана жакшы ойго ээ болгондук кандайдыр бир кереметтүү карапайымдуулук менен бирге анда кезиктирүүгө болот. Ал чын жүрөктөн чыныгы, таза жана жетик сүйүү менен мени сүйөт. Алла үчүн алака-байланышты орнотуу жана сүйүү боюнча эң жогорку даражага жеткен. Ичи тазалык жана сөзүндө туруучулук өңдүү сыпат анда даана көрүнүп турат. Анын бир тууганы – Наасир Шах дагы мени менен Байъат алакасын байланыштырган. Анын тайекеси – Мунший Карам Илаахий Сахиб дагы мага чын дос болот». («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаала-э-Авхаам», 798-бет)
Дагы Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай деп айтат:
«Поездде полициянын орун басар инспектору Хиббий филла Мунший Рустам Али (биздин өлкөлөрдө полиция башкармасы жаманатка конгон. Бул жагынан, ушуну эске тутуп, карасак, түшүнүүгө болот) Саалих жана ыкыластуулукка жык толо жигит менин биринчи даражалуу досторуман. Карапайымдуулук, жөнөкөйлүк жана ыкыластуулук белгилери анын жүзүнөн эле көрүнөт. Кандай сыноо болбосун, ошол достун туруктуулук кылбай, тайып кеткенин көргөн эмесмин. Ал ишеним менен мага кайрылган күндөн бери ошол ишенимде эч кандай тыныгуу жана жансыздык пайда болгон эмес, тескерисинче күндөн-күнгө өсүп-өнүгүүдө». Тактап айтканда, өсүп-өнүгүп баратат. («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаала-э-Авхаам», 806-807-бет)
[1] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабасы.
[2] Индияда пир-олуялардын бир жамааты.
[3] Индияда пир-олуялардын бир жамааты.
[4] Индиядагы бир чоң аалым жана олуя.
[5] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын бири.