Жетинчи шартта карапайымдык, адеп-ахлактуулук, жөнөкөйлүк ж. б. га көңүл бурат деген сөз дагы айтылган эле. Ырас, көбүнчө карапайым жана кедей-муктаж адамдар пайгамбарларга ыйман келтиришет. Бирок курмандыктар майданында байлардан көрө чын көңүл менен мал-мүлкүн сарпташат. А түгүл жанын курман кылууга да туура келсе, аяшпайт. Алар эч качан көйрөңдөнүшпөйт жана текеберчилик кылышпайт, тескерисинче ар бир жаш-карынын алдында