Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
Анан өз ара сүйүү жана бир тууганчылык таалимин берип жатып Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай деп айтат:
«Өз ара бир тууганчылык жана сүйүү жараткыла, ошондой эле жапайычылык жана келишпестиктерди жойгула. Ар кандай азил жана маскарадан бүтүндөй оолак болгула, анткени маскара адамзаттын жүрөгүн чындыктан алыстатып, кандайдыр бир оолак жайда адаштырып коёт. Өз ара бири-бириңерди урмат кылгыла. Ар ким бир тууганынын бейпилдигин өзүнүн бейпилдигинен жогору койсун. Алла Таала менен бир чыныгы элдешүүнү түзгүлө жана Анын баш ийүүчүлүгүнө кайткыла… араңардагы ар бир келишпестик, кызуу кандуулук жана душмандыкты жойгула, анткени азыр майда-чүйдө келишпестиктерди жоюп, маанилүү жана салтанаттуу иштер менен алектенишиңердин мезгили». («Малфузаат», 1-том, 266-268-беттер)
Дагы ал (алайхиссалам) мындай айтат:
«Биздин Жамаатыбыз Алла Таала менен чыныгы алакасын орнотуусу керек. Алла Таала аларды жөн эле таштап койбостон, тескерисинче алардын ыйман жөндөмдүүлүктөрүн ишенич даражасына жогорулатуу үчүн Өз кудуреттүүлүгүнөн жүздөгөн жышаан-белгилерди көрсөткөнү үчүн алар шүгүрчүлүк кылуулары лаазым. Араңарда: «Мен эч кандай жышаан-белги көргөн эмесмин», – деп айта турган бирөөңөр барбы? Мен баса белгилеп айтамын: биз менен туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, өз көзү менен Алла Тааланын жаңы жышаан-белгисин көрбөгөн эч кимиңер жок.
Биздин Жамаатыбыз үчүн төмөнкүдөй нерселер керек: алардын ыйманын бекемдесин, Алла Таалага чын жүрөктөн ишенсин жана чын Маърифат насип этсин, жакшы иштеринде эринчээктик жана жалкоолук кылбасын, анткени жалкоолук пайда болсо, Тахажжуд окуусу тургай, даарат алуу да ага күнөөдөй иш көрүнөт. Эгер Саалих[1] амалдар жөндөмдүүлүгү жана жакшылыктар боюнча озуп кетүү шыгы пайда болбосо, анда биз менен алакасын орнотуу – куру иш». («Малфузаат», жаңы басылыш, 2-том, 710-711-беттер)
Биз кеп кылып жаткан ушул онунчу шартта Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) өзүнө башка эч бир дүйнөлүк тууганчылык байланыштарында мисалы кезикпеген тууганчылык байланышын байланыштырууга баса белгилеген. Мунун жападан-жалгыз себеби – бизге карта боорукерлиги. Бизди ойрон болуудан сактоо үчүн ал (алайхиссалам) ошондой айтты. Анткени, аны кабыл алуудан гана чыныгы Исламды тапса болот. Өзүбүздү чөгүүдөн сактоо үчүн биз сөзсүз Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын кемесине чыгышыбыз керек.
Ал (алайхиссалам) мындай деп айтат:
«Азыр убакыт бар, мага карай чуркагыла. Азыркы учурда мага карай чуркай турган адамды дал топондун мезгилинде кемеге чыккан бирөөгө салыштырамын. Мени кабыл албай турган бирөөнү өзүн топонго кирептер кылып жатканын көрүүдөмүн. Анда сактануунун бир дагы чарасы жок. Мен чыныгы шапаатчы, ушул доордогу сокурлар кабыл кылбай, абдан кемсинткен улуу шапаатчы – Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көлөкөсүмүн жана анын Зиллимин»[2]. («Руханий хазаайин», 18-том, «Даафиъул-Балаайа», 233-бет)
Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдын-ала кабарларына ылайыктуу билдирүү болгондуктан ошону айтты.
[1] Жакшы, такыба жана Кудайчыл.
[2] Көлөкө.