Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
Шайтан текеберлигин көрсөткөндөн бери башында эле төмөнкүдөй чечим чыгарган: мен бүт баардык күчүмдү сынап көрөм, (адамдардын) Рахмаан[1] пенделери болуусуна жол койбоймун. Мен ар түрдүү жолдор менен адамзатты өз тузагыма ушунчалык катуу түшүрөм: эгер ал жакшы иштерди жасаса да, (пайдасы жок), себеби ал өзүнүн табиятына жараша анысы менен мактана баштайт, ушул мактанчаактык жана көйрөңдүк акырындап аны текеберликке алып барат. Акыры, ушул текеберлик аны ошол жакшылык сообунан куру калтырат. Анткени, шайтан башынан эле: «Мен адамзатты туура жолдон чыгарамын», – деп чечим кылган. Ошондой эле ал өзү да текеберлик айынан Алла Тааланын амирине баш ийбестик кылган. Ошол ыкманы шайтан түрдүү айла-амалдар менен адамзатка колдонот. Ошондо, Рахмаан пенделери, жалпысынан, ибадат кыла турган Алла Тааланын өзгөчө пенделери гана ошол чабуулдан сактанышат. Мындан тышкары, жалпысынан, текеберлик аркылуу гана шайтан адамды өз тузагына түшүрөт. Муну жөн эле нерсе деп билбеш керек. Биз Байъат кылып жатып: «Текеберлик кылбайбыз, көйрөңдөнбөйбүз, аны толук бойдон таштап коёбуз», – деп ушул шартты кабыл кылганбыз. Бирок бул ушунчалык жеңил иш эмес. Анын ар кандай түрлөрү бар. Шайтан түрдүү ыкмаларда адамдык жашоого чабуул жасап турат. Бул – абдан коркунучтуу жай. Чындыгында, Алла Тааланын берешендиги гана андан сактай алат. Ошол үчүн Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) Алла Тааланын берешендиктерине ээ болуу үчүн да ушул жетинчи шартта бир жолду көрсөтүп койгон. Ал айтты: силер текеберлик адатыңардан кутулганыңарда, кандайдыр бир боштук пайда болот, ошондо эгер аны жөнөкөйлүк жана карапайымдык менен толуктабасаңар, анда текеберлик кайрадан чабуул жасайт. Ошондуктан, карапайымдык менен жашагыла, анткени ошол эле жолду Алла Таала жактырат. Ал (алайхиссалаам) өзү дагы ушул карапайымдыкты теңдеши жок даражага чейин жогорулатып койгон. Ошол үчүн Алла Таала ыраазы болуп, мындай е паян жиберди:
تیری عاجزانہ راہیں اُس کو پسند آئیں[2]
Биз ага Байъат кылганбыз деп айтабыз, биз аны ушул доордогу Имам катары кабыл алганбыз, биз ошол мүнөзгө канчалык көп ээ болушубуз керек. Адамдын текеберленүүгө жана көйрөңдөнүүгө күчү чектелүү. Курани Каримде Алла Таала мындай айтат:وَلَا تَمۡشِ فِی الۡاَرۡضِ مَرَحًا ۚ اِنَّکَ لَنۡ تَخۡرِقَ الۡاَرۡضَ وَلَنۡ تَبۡلُغَ الۡجِبَالَ طُوۡلًاКотормосу: жана жерде текеберлик менен жүрбө! Сен албетте, жерди жара албайсың жана боюңду (көтөрүп) тоолордун бийиктигине да жете албайсың. (17:38)
Ушул аяттан айкын болгондой, адамдын алы чектелүү. Эмне менен текеберленүүдө? Кээ бир адамдар өздөрүн «учурдун падышасы» деп сезишет. Өз чегинен чыгууну каалашат. Өз жайында отуруп: «Биз кыйынбыз», – деп ойлонушат. Азыр мен кичине чөйрөдөн бир мисал келтирейин. Ал бир үйгө таандык чөйрө. Ал силердин үйүңөрдөгү чөйрө. Кээ бир эркектер өз үйүндө өз бала-чакасына ушунчалык ырайымсыздык менен мамиле кылышат: адам калчылдап калат. Кээ бир кыздар жазышат: биз жаштыгыбыздан өтүп, жетилүү курагына келдик, эми биз чыдап тура албай жатабыз. Атабыз бизге да, энебизге да дайыма зулумдук көрсөтүп келген. Атабыз үйгө кирээри менен биз коркуп, өз бөлмөлөрүбүзгө кирип кетебиз. Эгер кайсы бир маалда биз же энебиз заалим атабыздын алдында ага жакпаган бир нерсени сүйлөп койсок, баарыбыз балээге калабыз. Ошондой аталарды чектен чыгарган нерсе – мына ошол текеберлик гана. Ошондой адамдардын көбү сыртта өздөрүн маданияттуу кылып көрсөтүшөт, тыштагы адамдар: «Булардай жоош адам жок го», – деп ойлошот. Сырткы күбөлүк алар тарапта болот. Ошондой эле үйдө дагы, сыртта дагы бирдей жорук көрсөткөндөр да болот. Алардын ар бир жоругу көрүнүп турат. Кыскасы, ошондой жоругу жаман жана текебер адамдардын балдары дагы, айрыкча эркек балдары чоңойгондо, аталары энесине же эже-сиңдисине же өздөрүнө кылган зулумдукка жооп катары өз аталарынын алдында баш көтөрүшөт. Анан бир убакытка барып, атасы өзүнүн алсыз жашына жеткенде, өзгөчө андан өч алышат. Ошентип, андай текебер адамдардын өз чөйрөсүнөн мисалдарды кезиктирүүгө болот. Чөйрөнүн түрдүү тармактары бар. Бири үйдөгү чөйрө жана андан сырткы чөйрө. Ар бир чөйрөнү өзүнчө талдап көрсөк, ушундай мисалдарды кезиктире беребиз.
Анан ушул чөйрө өзүнүн чокусуна чыкканда, кээ бир коомдор, өлкөлөр жана бийликтер өзүнүн текеберлиги айынан ар кимди өзүнөн төмөн-пас деп ойлошот. Жакыр коомдор жана кедей өлкөлөрдү кемсинтишет. Акыркы күндөрдөгү бүлүк-баш аламандыктын негизги себеби дагы ошол. Эгер ушул текеберлик жок болсо, дүйнөдөгү баш аламандык да жок болуп кетет. Бирок Алла Таала ушул текеберлердин текеберлигин жер менен жексен кылганда, алардын кайда кетерин ошол текебер коомдор да, бийликтер да билбей калат.
Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:وَلَا تُصَعِّرۡ خَدَّکَ لِلنَّاسِ وَلَا تَمۡشِ فِی الۡاَرۡضِ مَرَحًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ کُلَّ مُخۡتَالٍ فَخُوۡرٍКотормосу: Жана (менменсинип) адамдарга жүзүңдү бырыштырба жана жерде кекейип жүрбө! Алла эч бир текеберлик кылуучу (жана) мактанчаакты жактырбайт. («Лукмаан» сүрөөсү: 19)
Ушул аяттан да белгилүү болгондой, Алла Таала жүзүңөрдү бырыштырбагыла жана текебер болуп жүрбөгүлө дейт. Текеберлердин өзүнө таандык жүрүм-туруму болот. Башын кейкейте көтөрүп жүрүү Алла Таалага эч жакпайт. Кээ бирөөлөрдүн адаты төмөндөгүдөй болот: өзүнөн төмөн даражадагылардын алдында башын кейкейте көтөрүшөт, ал эми өзүнөн жогору даражада тургандардын алдында бөжөңдөп калышат. Ошондой адамдарда эки жүздүүлүк илдети да пайда болуп жаткан болот. Ошентип, ушул текеберлик көптөгөн адеп-ахлактуу илдеттерге себепкер болот. Жакшылык боюнча өсүп-өнүгүү жолдору акырындык менен такыр жабылып калат. Анан динден да, Жамаат системасынан да алыстап кетишет. Алардын текеберлиги күчөгөн сайын алар Алла жана Пайгамбардын жакындыгынан, Анын берешендигинен да алыстап кете беришет.
Бир хадисте мындай кезигет: Азирети Жаабир (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Кыямат күнү араңардагы эң адеп-ахлактууларыңар гана мага эң сүйкүмдүүрөөк жана эң жакыныраак болушат. Ошондой эле араңардагы «сарсаар», тагыраак айтканда, оозуна ээ болбогон, туш келди сүйлөгөндөр, «муташаддик» – ажылдай бергендер, ошондой эле «мутафайхик» – текеберлер мага эң жийиркеничтүүрөөк жана менден алысыраак болушат». Сахаабалар: «Эй, Алланын Пайгамбары! «Сарсаар жана Муташаддик дегендин маанисин биз билебиз, Мутафайхик кимге айтылат?» – деп сурашты. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Текебер сөздөрдү сүйлөөчүлөргө айтылат», – деп жооп кылды. («Сунани Тирмезий», Абвааб ал-Бирри вас-Силах, Баабу фий муъаалил-Ахлаак)
Дагы бир хадисте мындай кезигет: Азирети ибни Масъуд (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят эткен: «Үч нерсе ар бир күнөөнүн тамыры, алардан абайлоо керек: «Текеберликтен сактангыла, анткени текеберлик гана шайтанды Адамга сажда кылбоосуна тукурган; экинчиден, ач көздүктөн абайлагыла, себеби ач көздүк Адамды бактан жешке мажбур кылган; үчүнчүдөн, көрө албастыктан сактангыла, анткени көрө албастык себептүү Адамдын эки уулунун бири өз тууганын өлтүргөн». («Рисаала каширия», Баабул-Хасад, 79-бет)
Дагы бир хадисте мындай кезигет: Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят эткен: «Алла Таала жүрөгүндө кенедей текеберлик бар адамдын бейишке кирүүсүнө жол бербейт». Бир киши: «Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Адамзат менин кийимим жакшы болсун, бут кийимим да жакшы болсун, мен сулуу көрүнөйүн деп каалайт», – деп сурады. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Бул текеберликке кирбейт», – деп жооп берди. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай кошумчалады: «Алла Таала – сулуу, Ал сулуулукту жактырат, жакшы көрөт. Негизи, адамдын акыйкатты четке кагуусу, адамдарды кемсинтүүсү, аларды төмөн-пас деп билүүсү жана аларга жаман мамиле кылуусу текеберликке кирет». («Сахих Муслим», Китаабул-Иймаан, Баабу тахриймил-Кибри ва баянаху)
Дагы бир рабаятта мындай айтылат: «Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Тозок менен бейиш өз ара талашып кетти. Тозок: «Мага чоң-чоң заалимдер жана текеберлер кирет», – деп айтты. Ал эми бейиш: «Мага алсыз жана бей-бечаралар киришет», – деп айтты. Ошондо Алла Таала тозокко айтты: «Сен Менин азабымдын жайысың, Мен каалаган бирөөгө сен аркылуу азап беремин». Бейишке мындай айтты: «Сен Менин мээримдүүлүгүмдүн жайысың. Мен каалаган бирөөгө сен аркылуу ырайым кыламын». Экөөңөргө толук үлүшүңөр берилет». («Сахих Муслим», Китаабул-Жанна ва сифату наъиймихаа ва ахлухаа. Баабун-Наар йадхулахал-Жаббаарун вал-Жаннату йадхулахаз-Зуъафаау)
Кудай насип кылсын! Ар бир Ахмадий карапайымдык, момундук жана ак көңүлдүк жолдорунан жүрүп, Алла Тааланын ырайымдуулук назарына татыктуу болсун, Алла Тааланын бейишине кирүүчү болсун, ошондой эле ар бир үй текеберликтен таза болсун!
Бир хадисте мындай кезигет: Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) жана Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этишет: «Ызаат – Алла Тааланын кийими, улуктук – Анын жамынчысы. Алла Таала мындай айтат: кимде-ким ошолорду Менден тартып алууга аракет кылса, Мен ага азап беремин». («Сахих Муслим», Китаабул-Бирри вас-Силах, Баабу тахриймил-Кибри)
[1] «Эң Мээримдүү» дегенди билдирет. Алла Тааланын сыпаттуу аты.
[2] Сенин карапайым жолдоруң Ага (Алла Таалага) жакты.