Намаздын өзгөчө бөлүктөрү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Намаздын өзгөчө бөлүктөрү

Намазда аткарыла турган аракеттер өзүнүн маанисине карай бөлүнгөн.

Намаздын парыз бөлүктөрү

Парыз деп аталган бөлүктөр эң зарыл бөлүктөр болуп, аларсыз намаз аткарылганга эсептелинбейт. Фарз (парыз)  деген «аткарылуусу шарт» болгон амалды түшүндүрөт. Эгер киши Парыз бөлүктөрүн аткарбаса, анда намаз окулганга эсептелинбейт. Ал эми, Парызды окуу кишинин эсинен такыр чыгып кетсе, анда Алла аны кабыл кыла берет. Эгер ал Парыздарды өз убагында эсинен чыгарса, бирок намаз окулуп жатканда же намаздан кийин эсине түшсө же бир киши анын катасын эскертсе, анда ал ошол Парызды аткаруусу жана Сужуудус-Сахв жасоосу керек. Намаздагы Парыз бөлүктөрү төмөнкүлөр:

  1. Такбийр-и-Тахрийма: намазды баштаардан мурда Аллааху Акбар, – деп айтуу;
  2. Кыям: тик туруу;
  3. Руку: эңкейип, тизеге таянып туруу;
  4. Сажда: тизелеп, маңдайын жерге тийгизүү;

Жогорудагы абалдар бардык рекеттерде болот.

  1. Акыркы Каъда: намазды бүтөөрдөн мурун бир аз убакыт отуруу. Бул абал ар бир рекетте кайталанбайт;
  2. «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окуу: «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн ар бир рекетте окуу парыз.

Жамаатка башчылык кылган имамга төмөнкү намаздардын абалкы эки рекетинде үн чыгарып, «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окуу парыз.

а) эки рекеттен турган Багымдат намазы;

б) үч рекеттен турган Шам намазы;

в) төрт рекеттен турган Куптан намазы.

Эскертүү: Абалкы эки рекетте Курани Каримден айрым сүрөө же аяттар окулбай калса, анда рекеттер аткарылганга эсептелинбейт, бирок каталыгы эсине түшүп, эки жолу Сужуудус-Сахвга барса, намаз толук аткарылган болот. Эгер рекеттердин биринде «Ал-Фаатиха» сүрөөсү же Курани Каримден айрым сүрөө же аяттарды үн чыгарып окуу имамдын эсинен чыгып кетсе, Рукуга баруусунан мурда эсине салынса, анда имам ошол окулбаган «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн жана башка сүрөө менен аяттарды үнүн чыгарып окуусу шарт. Андан кийин Рукуга барат. Ушул жагдайда Сужуудус-Сахв кылынбайт. Бирок, ал Рукуга барганда, катасын эстесе, анда «Ал-Фаатиха» сүрөөсү жана Курандан айрым башка сүрөө менен аяттарды окуусу шарт эмес. Намаздын акырында эки жолу Сужуудус-Сахвга барса жетет. Ошондо намаз толук аткарылды деп саналат.

Намаздын важибдери

Мааниси жагынан Важиб (зарыл же керектүү) Парыздан кийин экинчи орунда турат. Намаздын Важибдери атайын аткарылбаса, намаз окуганга эсептелинбейт. Бирок аларды аткарууну эстен чыгарып, кийин эстесе, аткарылбаган Важибдерди кайталабай, намаздын аягында эки жолу Саждага барса, катасы түзөтүлгөн болот. Намаздын Важибдери төмөнкүчө:

  1. Парыз намазынын алгачкы эки рекетинде, ошондой эле Сүннөт жана Нафл намазынын баардык рекеттеринде «Ал-Фаатиха» сүрөөсүнөн кийин Курани Каримден башка сүрөө же аяттарды окуу.
  2. Рукудан кийин тик туруу. Ал Кавма деп аталат.

Эскертүү: Кыям – парыз бөлүгү эсептелет. Ал аткарылуусу шарт дегенди билдирет, ал эми Кавма – важиб бөлүгү. Ал зарыл же керектүү дегенди билдирет.

  1. Жилса – эки Сажданын ортосунда жерге отуруу.
  2. Эки рекеттен кийин бир мүнөттөй отуруу (акыркы Каъдадан башка).
  3. Каъдага барганда, Ташаххуд окуу – Аттахиййаату Лиллаахи Вассалаваат… айтуу.
  4. Имамдын Багымдат, Шам, Куптан намазынын алгачкы эки рекетинде жана Жума, Айт намазынын эки рекетинде «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн жана Курандан айрым башка сүрөөлөр же аяттарды үн чыгарып окуусу, Пешин жана Дигер намазында болсо, ичинен окуусу важиб.
  5. Намаздын Парыз жана Важибдерин тийиштүү эрежеде, тартипте аткаруу жана орундатуу.
  6. Таъдийл – намаздын бардык бөлүктөрүн шүгүрчүлүк менен чын көңүлдөн, башкача айтканда, бүткүл дитин коюп жана оюн бир жерге топтоп, ашыкпастан окуу.
  7. Намаздын аягында биринчиден, жүзүн оңго, кийин солго буруп, Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – деп айтуу. Бул намаздын бүткөндүгүнө ишаарат болот.
  8. Имамдын Такбийр-и-Тахрийманы үн чыгарып айтуусу да важиб.

Намаздын сүннөттөрү

Намаздын Парыз жана Важиб бөлүктөрүнөн тышкары Сүннөт жана Мустахабдары да бар. Эгер аргасыз болбосо, намаздын Сүннөтүн толук аткаруу керек. Ар бир ибадат кылуучу дайыма өзгөчө көңүл менен Сүннөт жана Мустахабдарды аткаруусу керек; кандайдыр бир өтө аргасыздык болбосо, аларды калтырбашы шарт. Бирок, эгер намаздын Сүннөт жана Мустахаб бөлүгү орундатылбай калса, эч кандай Сужуудус-Сахв кылынбайт. Намаздын Сүннөт бөлүктөрү төмөнкүлөр:

  1. Такбийр-и-Тахрийманы айтып жатканда, колдорун көтөрүп, баш бармактарын кулак жумшагына тийгизүү;
  2. Кыямда колдорун байлоо;
  3. Санаа окуу;
  4. Биринчи рекетте «Ал-Фаатиха» сүрөөсүнөн мурун Аъуузубиллаахи Минашшайтаанир Ражийм, – деп айтуу;
  5. «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окуп бүткөндөн кийин Аамийнди айтуу;
  6. Рукуга баратканда, Аллааху Акбар, – деп айтуу;
  7. Рукуда Субхаана Рабби Ял Азиймди кеминде үч жолу айтуу;
  8. Рукудан кайтканда, Самиъаллааху Лиман Хамидах, – деп айтуу; ошондой эле намазды жалгыз окуганда, Раббанаа Валакал Хамдды да айтуу; эгер киши жамаат намазында имамды ээрчип, Раббанаа Валакал Хамд, – десе, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтүн аткарган болот;
  9. Саждага бара жатканда жана Саждадан кайтканда, Аллааху Акбар, – деп айтуу;
  10. Саждада кеминде үч жолу Субхаана Рабби Ял Аълаа, – деп айтуу;
  11. Жилсада баяндалган дубаны окуу;
  12. Ашхаду Аллаа Илааха Иллаллаах, – дегенде оң сөөмөйүн көтөрүү;
  13. Акыркы Каъдада Дурууд жана башка дубаларды окуу;
  14. Үчүнчү жана төртүнчү рекетте «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окуу;
  15. Имамдын Аллааху Акбар жана Самиъаллааху Лиман Хамидахты үн чыгарып айтуусу да Сүннөткө кирет.

Намаздын мустахабдары

Намазды шашылбай, жай, жагымдуу жана көркөм окуу үчүн анын Мустахабдарын аткаруу зарыл. Мустахаб – «абзел көрүнгөн», «мактоого татыктуу» деген маанини түшүндүрөт. Туура, намаздын Мустахабдары Парыз, Важиб жана Сүннөт сыяктуу зарыл эмес.

Намаздын Мустахабдары төмөнкүлөр:

  1. Саждага баратканда, көздөрүн маңдайын тийгизе турган жерге каратуу;
  2. Рукуда манжаларын ачып, алаканын тизеге коюу;
  3. Кавмада колдорун эки капталына түшүрүү;
  4. Саждага барганда, алгач тизесин, анан алаканын, андан соң муруну менен маңдайын жерге тийгизүү;
  5. Экинчи рекеттен кийин, ордунан эч кандай таянычсыз туруу;
  6. Колдун манжаларын Кыбыла тарапка каратуу үчүн алаканды тизеге түз коюу;
  7. Каъда жана Жилсада сол бутунун үстүнө отуруп, оң бутунун таманын тик тутуп, манжаларын ийип, Кыбыла тарапка тууралоо;
  8. «Ал-Фаатихадан» кийин, Курандан окула турган башка сүрөөлөр биринчи рекетте окулуучу сүрөөлөр экинчи рекетте окулуучу сүрөөлөрдөн узунураак болушуна маани берүү;
  9. Имамга кошулгандардын Амийнди үн чыгарып, ал эми Раббанаа Валакал Хамдды үн чыгарбай, ичинен айтуусу.

Намаздын макрухтары

(Намаз учурундагы жагымсыз иштер)

Намаздын Макрухтары – бул намаздын кадыр-баркын кетирген жагымсыз амалдар. Намазды ар дайым Алланын алдында тургандай, чын ыкылас менен окуу керек.

Намаздын Макрухтары төмөнкүлөр:

  1. Кийим менен жөндөн-жөн ойноо;
  2. Жан-жагына же өйдө жакка кароо;
  3. Көздөрүн жумуп туруу;
  4. Баш кийимсиз намаз окуу;
  5. Саждада буттун манжаларын Кыбыла тарапка каратпоо же буттарын жерден көтөрүү;
  6. Дасторкондогу даяр тамакты жебестен, намазды ач-карын окуу;
  7. Дааратканага барууга кысталып турса да, намаз окууну улантуу;
  8. Мазарда жүзүн мүрзө тарапка буруп намаз окуу;
  9. Намаз убактында тар же тыкыс кийим кийип, өзүн ыңгайсыз сезип намаз окуу;
  10. Ыңгайсыз жайда мисалы: атканада, кой-короодо, эчкиканада же ызы-чуулуу базарда намаз окуу;
  11. Бир бутуна ооп туруу же намаздын кадыр-баркын түшүргөн башка аракеттерди кылуу;
  12. Ачык жерде Сутрасыз намаз окуу. (Сутра – бул намаз окула турган жайга чегара-белги катары коюлган нерсе);
  13. Бирөө Ассалааму Алайкум, – дегенде, намаз учурунда баш ийкөө;
  14. Тамактанган соң, оозун чайкабастан намаз окуу;
  15. Намазда сүрөөлөрдүн ордун алмаштырып окуу;

Мисалы: биринчи рекетте Курандын ирет боюнча акыркы сүрөөлөрүн окуу, экинчи рекетте Курандын ирет боюнча алдыңкы сүрөөлөрүн окуу.

  1. Саждада алакандарын маңдайынын астына коюу;
  2. Саждада курсагын бир нерсеге тийгизүү;
  3. Саждада билектерин жерге коюу;
  4. Руку жана Саждада Курандан сүрөө жана аяттарды окуу;
  5. Имамдан мурда башка абалга өтүү. Мисалы: имамдан мурунураак Сажда же Рукуга баруу.

1-эскертүү: Киши намаз окуп жатканда, жанындагы зыяндуу курт-кумурскаларды башка жерге сүрүп же өлтүрүп койсо болот.

2-эскертүү: Намаз окула турган жай таза жана мүмкүн болушунча абасы жагымсыз жыттардан алыс болушу лаазым. Ар бир мусулман өзү намаз окубаса да, намаздын кадыр-баркын урматтоосу шарт. Сөзгө тартуу же ага жандоо сыяктуу эч бир жол менен намаз окуп жаткан кишиге ыңгайсыз жагдайды жаратууга болбойт. Ошондуктан, намаз окуп жаткан кишинин алдынан өтүү туура эмес, ал окуп бүткүчө күтүп турушу керек.

Share via