Рамазан күндөрүндө мүмкүн болушунча сапардан этият болуш керек. Аргасыз болгондо гана сапарга барыш керек. Кайсы сапар аргасыз экенин сапарга чыккан кишинин өзү чечет жана анын өзү Алла Тааланын алдында жоопкер болот. Бул тууралуу башка эч ким чечим чыгара албайт. Кыскасы, кандай гана түрдөгү сапар болбосун, сапар маалында орозо кармабаш керек.