«Уулум сыяктуу» жана «уулум» денен сөздөрдө жер менен асманчалык айырма бар. Кудайдын эч бир уулу жок. Бирок, эгер Алла Таала: «Мен уулдар сыяктуу сүйөм», – деп айтса, бул кандайдыр бир жаңы сөз эмес, Библия мына ошондой сөздөргө жык толо.
Азирети Мырза Гулам Ахмад Сахиб жихадды бекер кылган деген ой-пикир бүтүндөй жыӊылыштык. Ал жихадды бекер кылган эмес. Ал киши жихадды бекер кылган деген кепти силер молдокелерден уккансыӊар.