Курани Карим
Азирети Усман бин Аффаан (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Курани Каримди үйрөнгөн жана аны башкаларга үйрөткөн бирөө – араңардагы эң жакшы киши».
Азирети ибни Аббаас (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Курани Каримдин кенедей да бөлүгүн жатка билбеген бирөө кыйраган үй сыяктуу».
Азирети Зайд бин Аркам (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: бир күнү Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге кайрылып, Алла Таалага мактоо-алкоо айткан соң, мындай деп насаат кылып, эскертүү жасады:
«Эй, адамдар! Мен – бир кишимин. Бир күнү ушундай болот: менин Раббимдин элчиси келип, мен ушул дүйнө менен коштошуп кетемин. Мен араңарда эки маанилүү нерсени калтыруудамын: Алланын Китеби – анда хидаят жана нур бар. Ошондуктан, Алланын Китебин бекем кармагыла жана ага амал кылгыла». Ошентип, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын Китеби жөнүндөгү сезимди козгоду. Анан мындай деп айтты: «Мен үй-бүлөмдү дагы артымда калтыруудамын. Мен силерге эскертүүдөмүн: менин үй-бүлөмө жакшы мамиле кылуу боюнча Алла Тааладан коркуп тургула».