Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам): «Менин Жамаатыма мүчө болгон ар бир адам Курани Каримдин бардык буйруктарына амал кылуучу болсун, же эч болбогондо амал кылууга аракет кылуучу болсун, ага ыйман келтирүүчү болсун», – деп каалар эле. Эгер бир буйрукту эле четке какса, анын мени менен алакасы жок деп айткан. Ал: «Мага ыйман келтиргендер дүйнө каада-салттарынан жогору болуп,