Заалим шаар тургундарынын зулумдугунан сактануу жана хижрат дубасы

Азирети Абдулла бин Аббаас (разияллааху анху) (апасы Умми Фазл алгачкы доордо Ислам динин кабыл кылган эле) мындай деп баян этет: «Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Меккеден хижрат кылган соң, мен жана апам Курани Карим «алар хижрат үчүн Алла Тааладан жардам суроо максатында дуба кылышат», – деп сөз кылган алсыз балдар жана аялдардын арасында бар болчубуз». («Бухарий» Китаабут-тафсир). Мекке жеңиши аркылуу Алла Таала ошол зулум көргөн бечараларды меккеликтердин мыкаачылыгынан куткарган.رَبَّنَاۤ اَخۡرِجۡنَا مِنۡ ہٰذِہِ الۡقَرۡیَۃِ الظَّالِمِ اَہۡلُہَا ۚ وَاجۡعَلۡ لَّنَا مِنۡ لَّدُنۡکَ وَلِیًّا ۚۙ وَّاجۡعَلۡ لَّنَا مِنۡ لَّدُنۡکَ نَصِیۡرًاОКУЛУШУ: РАББАНАА АХРИЖНАА МИН ХААЗИХИЛ-КАРЯТИЗ-ЗААЛИМИ АХЛУХАА ВАЖЪАЛ-ЛАНАА МИЛЛАДУНКА ВАЛИЙЙАН ВАЖЪАЛ-ЛАНАА МИЛЛАДУНКА НАСИЙРАА. (4:76)
Котормосу: «Эй, биздин Раббибиз! Тургундары заалим болгон бул шаардан бизди чыгаргын жана биз үчүн Өз тарабыңдан кандайдыр бир дос бергин, ошондой эле биз үчүн Өз алдыңдан бир жардамчы дайындагын!» («Ан-Нисаа» сүрөөсү:76)