Алла Таала азабынан, кыямат күнүндөгү кордолуудан сактануу дуба
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла Таала азабынан сактануу, кечирим суроо жана кыямат күнүндөгү кордолуудан сактануу дубалары

Азирети Айша(ра) мындай деп рабаят этет: «Төмөндөгүдөй дубадан турган Куран аяттары түшкөндө, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) ыйлап-ыйлап намазды аткара баштаган. Азирети Билаал(ра)ал(сав)ды намазга чакырганы келгенде, ыйлаганынын себебин сураган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) мындай деп жооп берген: «Бүгүн түнчүндө бул аяттар мага түшкөн. Бул аяттарды окуп, аларга кылдаттык менен көңүл бурбаган бирөө – абдан бактысыз адам». Рабаяттардан белгилүү болгондой, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) ар күнү түнкүсүн ушул аяттарды окучу жана: «Аали Имраан» сүрөөсүнүн акыркы аяттарын түндө окуган адам үчүн түн бою ибадат кылуу сообу жазылат», – дечү». («Тафсир-э-Куртабий» 4-том, 31-бет)رَبَّنَا مَا خَلَقۡتَ ہٰذَا بَاطِلًا ۚ سُبۡحٰنَکَ فَقِنَا عَذَابَ النَّارِОКУЛУШУ: РАББАНАА МАА ХАЛАКТА ХААЗА БААТИЛАА, СУБХААНАКА ФАКИНАА АЗААБАННААР. («ААЛИ ИМРААН» СҮРӨӨСҮ: 192)

Котормосу: «Эй, Раббибиз! Сен буларды бекер жараткан эмессиң. Сен Ыйыксың. Ошондуктан, бизди от азабынан куткаргын!»رَبَّنَاۤ اِنَّنَا سَمِعۡنَا مُنَادِیًا یُّنَادِیۡ لِلۡاِیۡمَانِ اَنۡ اٰمِنُوۡا بِرَبِّکُمۡ فَاٰمَنَّا ٭ۖ رَبَّنَا فَاغۡفِرۡ لَنَا ذُنُوۡبَنَا وَکَفِّرۡ عَنَّا سَیِّاٰتِنَا وَتَوَفَّنَا مَعَ الۡاَبۡرَارِОКУЛУШУ: РАББАНАА ИННАНАА САМИЪНАА МУНААДИЯН ЙУНААДИЙ ЛИЛ-ИЙМААНИ АН ААМИНУУ БИ-РАББИКУМ ФА-ААМАННАА. РАББАНАА ФАГФИРЛАНАА ЗУНУУБАНАА ВА КАФФИР АННАА САЙЙИ ААТИНАА ВА ТАВАФФАНАА МАЪАЛ-АБРААР. («ААЛИ ИМРААН» СҮРӨӨСҮ: 194)

Котормосу: Эй, Раббибиз! Албетте, биз бир жарчынын: «Раббиӊерге ыйман келтиргиле», – деп ыйманга чакырып жатканын уктук. Ошентип, биз ыйман келтирдик. Ошондуктан, эй, Раббибиз! Ушул себептүү күнөөлөрүбүздү кечиргин, жамандыктарыбызды бизден алып таштагын жана бизди жакшы адамдар менен өлтүргүн.رَبَّنَا وَاٰتِنَا مَا وَعَدۡتَّنَا عَلٰی رُسُلِکَ وَلَا تُخۡزِنَا یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ اِنَّکَ لَا تُخۡلِفُ الۡمِیۡعَادَОКУЛУШУ: РАББАНАА ВА ААТИНАА МАА ВАЪАТТАНАА АЛАА РУСУЛИКА ВАЛАА ТУХЗИНАА ЙАУМАЛ-КЫЯМАХ. ИННАКА ЛАА ТУХЛИФУЛ-МИЙЪААД. («ААЛИ ИМРААН» СҮРӨӨСҮ: 195)

Котормосу: Эй, Раббибиз! Биз жөнүндө пайгамбарларыңа Өзүң парыз кылып койгон убадаң –Мийсаак-ун-Набиййинди (пайгамбарлар менен түзүлгөн келишим) бизге тартуулагын, ошондой эле кыямат күнү бизди кор кылбагын. Албетте, Сен убадаңа каршы иш кылбайсың».

Share via