Кечирим суроо, ырайымдуулук жана душманга каршы көмөк суроого жеткилең дуба
Бул дубалар «Аль-Бакара» сурөөсүнүн акыркы эки аятынан турат. Азирети Абу Масъуд(ра) мындай деп рабаят этет: «Аль-Бакара» сүрөөсүнүн акыркы эки аятын окуп, уктаган адам үчүн бул жетиштүү болот. Мындан тышкары, бул Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дан мурун эч бир пайгамбарга берилбеген Арш казынасынан экен». (Тафсир-э-Табрий» 3-бөлүк, 434-бет)
Эки дубадан турган «Аль-Бакара» сүрөөсүнүн акыркы аяты туурасында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) мындай деп насаат кылчу: «Бул аяттарды жаттагыла жана үй-бүлөңөргө да жаттаткыла, анткени булар Салаат, Куран жана дубадан турат». («Ад-Дуррул-Мансур лил-Саютий» 1-том, 378-бет)
Бул жерде ушул эки аяттын тек дубадан турган бөлүгү эле берилүүдө:
Котормосу: «Биз уктук жана баш ийдик, Сенден кечирим тилейбиз. Эй, Раббибиз! Сага гана кайтып баруу бар».
Котормосу: «Эй, Раббибиз! Эгер биз унутуп калсак же бизден бир ката кетсе, бизди жоопкерчиликке тартпагын! Эй, Раббибиз! Бизден мурун өткөндөргө алардын күнөөлөрү натыйжасында Сен арткан жүктөй жүктү бизге артпагын. Эй, Раббибиз! Мүмкүнчүлүгүбүздөн артык нерсени бизге жүктөбөгүн жана бизди кечиргин, ошондой эле бизди аягын. Бизге ырайым кылгын. Өзүң биздин Кожоюнубузсуң. Ошондуктан, бизге каапыр коомуна каршы жардам бергин!»