Туруктуулук жана каапырларга каршы көмөк суроо дубасы

Курани каримден маалым болгондой, Азирети Таалуут (Жадъуун) өзүнүн душманы болгон Жаалуутка каршы согушка чыкканда, ушул дубаны сураган, натыйжада Алла таала ага жеңиш тартуулаган жана анын душманы катуу шерменде болгон. («Аль-Бакара»)

Раббанаа африг алайнаа сабран ва саббит акдааманаа ван сурнаа алал кавмил-каафирийн. («Ал-Бакара» сүрөөсү: 251)
Котормосу: «Эй, Раббибиз! Үстүбүзгө сабырдуулук түшүргүн, кадамдарыбызды бекем кылгын жана каапыр коомуна каршы бизге жардам бергин!» (2:251)