Түбөлүккө хидаяттын үстүндө туруктуу болуу дубасы

Азирети Умми Салама(ра) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын көбүнчө төмөнкүдөй дуба сураганын рабаят этет: «Эй, жүрөктөрдү айландыруучу (Алла)! Менин жүрөгүмдү Өз диниңдин үстүндө туруктуу кылгын». Ал(ра) мындай деп кошумчалайт: «Эй, Алланын Пайгамбары(сав)! Жүрөктөр да өзгөрүп кетеби?» – деп сурадым. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) төмөндөгүдөй Куран дубасын окуп: «Ар бир адам тайгаланып кетүүсү мүмкүн, ошодуктан бул дубаны көп-көп суроо керек», – деп айтты». («Ад-Дуррул-Масур лил Саютий» 2-том, 8-бет)

Раббанаа лаа тузиг кулуубанаа баъда из хадайтанаа ва хабланаа милладунка рахматан, иннака антал-Ваххааб. («Аали Имраан» сүрөөсү: 9)
Котормосу: «Эй, Раббибиз! Бизди хидаят кылганыңдан кийин дилдерибиздин кыйшайып кетүүсүнө жол бербегин жана Өз кашыңдан бизге рахмат бергин. Албетте, жалгыз Өзүң өтө көп тартуу кылуучусуң (3:9).