Шайтандын азгырууларынан сактануу үчүн дуба
Амар(ра) бин Саъийд мындай деп рабаят этет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) уктаарда окуу үчүн айрым дубаларды бизге үйрөтчү. Алардын арасында шайтандык азгыруулардан сактануу үчүн төмөнкүдөй дуба да бар болчу. («Ад-дуррул-Мансур лил-Саютий» 5-том, 14-бет)
Котормосу: «Эй, Раббим! Мен шайтандардын азгырыктарынан Сенин паанаңды сураймын» жана: «Эй, Раббим! Алар мага жакын келбестиктери үчүн дагы мен Сенин паанаңды сураймын!»